Difference between revisions of "ИОАНН СКОТ ЭРИУГЕНА"
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
08:30, 30 Июнь (Кулжа) 2025 -га соңку версиясы
ИОА́НН СКОТ ЭРИУГЕ́НА (Iohannes Scotus Eriugena) (810-ж. ч. – 877-ж. ч.) – адепки схоластиканын өкүлү, теги-ирланд. 851-ж. «Кудайдын жазмышы тууралуу» теол. эмгек жазып, анда Готшалктын «кош жазмыш» ж-дөгү (бирөөнү – сактаган, башкасын – айыптаган) окуусун жокко чыгарган. Анын ырастоосунда: Кудай жакшыны гана ойлойт, жакшылыкты гана жаратат. Ал эми жамандык болсо Кудайдын ак жаратканынын баркын кетирүү; күнөө ж-а өлүм адамдын өзүн өзү Кудайдан алыстатуусу, ал эми жазалануу – «өзүн өзүн өлтүрүүчү» күнөөнүн табигый ж-а айныксыз натыйжасы. Жамандык Кудай тарабынан алдын ала аныкталган эмес. Жамандык – адамдын ыйманынын ж-а пейилинин бузулгандыгынан улам жаралган нерсе. Бул эмгегинде адам тагдыры Кудай тарабынан алдын ала аныкталса, анда адамдын өмүрүндө кездешүүчү турмуштук кыйынчылыктар да алдын ала аныкталганбы деген суроого жооп издеген. И. Э. С. схоластика философиясындагы башкы маселе болуп саналган универсалийлер тууралуу талаш-тартышка чыйыр салган. Филос. ой жүгүртүүнүн «схоластика» деп аталган жаңы методун түзгөн да, философиянын тарыхында «схоластиканын атасы» катары калган. И. Э. С. үчүн эң башкы абройлуу булак Библия болуп, «Схоластиканын атасы» аны «чындык менен акыйкаттын жашыруун сыры катылган кенч» деп атаган. Схоластика үстөмдүк кылган төрт кылым бою христиан философтору И. С. Э-нын «акылдын жардамы менен Кудайдын керемет сырларын ач» деген керээзин кылдаттык м-н аткарышкан. «Жаратылыштын бөлүнүшү тууралуу» деген эмгегинде Кудай дүйнөнүн башаты ж-а аягы болуп саналат деген принципке таянуу м-н, табиятты төрт деңгээлге бөлүшү, анын философия-
сына пантеисттик мүнөз берген. Чиркөө тарабынан анын чыгармалары күнөөлөнүп, 1225-ж. толугу м-н четке кагылган, анын «Табияттын бөлүнүшү тууралуу» эмгеги 1684-ж. «тыюу салынган китептердин» катарына киргизилген.