Difference between revisions of "ИНТУИЦИЯ"
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
08:30, 30 Июнь (Кулжа) 2025 -га соңку версиясы
ИНТУИ́ЦИЯ (лат. intuitus – көз караш, көрүү, тигиле кароо) – көрө билүү, көз салуу, байкоо жүргүзүү, о. эле шыктануучулук, көңүл эргүү сыяктуу рухий көрө билүүчүлүк, тажрыйбага негизделбеген ой жүгүртүү аркылуу түшүнүү; көзү ачылуу, олуялык кылуу, аян берүү. Ил. ад-тта И. деп акыйкатка алдын ала логикалык ой жүгүртпөй же далилдеп олтурбай эле тикеден тике жетүү мүмкүнчүлүгү же жөндөмү. 20-к-га чейинки философияда И. таануунун өзгөчө формасы катары каралып келген. Азыркы батыш философиясында ж-а психологиясында И. турмуштагы практика ж-а логика м-н сыйышпа-
ганын билүү мистикалык жөндөмдүүлүк катары каралат. Марксисттик философиянын чегинде И. таануунун белгилүү бир элементи катары каралат. Ил. таануунун процесстери, о. эле дүйнөнү өздөштүрүүнүн ар түрдүү формалары дайыма эле логиканын ж-а фактылардын негизинде далилденбейт. Көп учурда адам татаал кырдаалды ойлоо аркылуу деле билет. Мис., согуш учурундагы салгылаштарды, оорулуунун диагнозун, кылмышкердин күнөөлүү же күнөөсүз экендигин логиканын татаал формаларын пайдаланбастан эле, дароо аныктоого болот. Ошондуктан логика м-н илимдин күчү жетпеген татаал ж-а белгисиз нерселерди билүүдө И-нын ролу зор. И-ны акылга сыйбаган же акылдан ашып түшкөн нерсе деп эсептөөгө болбойт.