Difference between revisions of "ИНТЕРАКЦИЯ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
vol3>KadyrM
(Айырма жок)

12:47, 30 Июнь (Кулжа) 2025 -деги абалы

ИНТЕРА́КЦИЯ (анг. interaction, лат. inter – аралык, activus – ишкер) – социалдык психо­логияда ж-а культурологияда адамдардын өз ара алакасын, алардын бири-бирине өз ара таасир көрсөтүүсүн же топтордун бири-бирине тийгиз­ген таасирин үзгүлтүксүз диалог катары чагыл­дырган термин. Ж. Миддин социалдык психо­логиясында И. инсандар аралык «символ алма­шуу» түрүндө тике коммуникация катары түшүндүрүлөт. Мындай пикир алмашуунун маанилүү өзгөчөлүгү – адамдын өзүн башкалар­дын ордуна коё билүү, башка адамдын сезим­туюмдарын түшүнө билүү жөндөмдүүлүгү эсеп­телет.