Difference between revisions of "ИНСУЛЬТ"
м (1 версия) |
vol3>KadyrM |
(Айырма жок)
| |
12:47, 30 Июнь (Кулжа) 2025 -деги абалы
ИНСУ́ЛЬТ (лат. insulto – секирүү, секирем), а п о п л е к с и я, м э э г е д о о к е т ү ү – мээдеги кан айлануунун тез бузулушунан болгон катуу кармоочу оору. И. мээге кан куюлуудан же мээ кан тамырларынын бүтөлүп калышынан (тромбоз) болот. И-тун негизги себеби – гипертония оорусу ж-а мээ кан тамырларынын атеросклерозу. О. эле, кан тамырлардын башка ооруларында, кызыл жүгүрүктө, кан ооруларында ж. б. болушу мүмкүн. Ал мээге кан куюлтуучу г е м м о р а г и я л ы к ж-а мээ тканынын жумшаруусу – мээ инфаркты м-н коштолгон и ш е м и я л ы к болуп бөлүнөт. Көп ооруларда капысынан башталганы м-н ооруну алдын ала билдирүүчү белгилер байкалат. Мис., гипертония оорусунда ж-а атеросклероздо баш оор тартып, зыңылдап ооруйт, айланат. Мээге куюлган кан нерв ткандарын бузат, кээ бир бөлүктөрүн басып, мээни шишитет. Гемморагиялык И. көбүнчө күндүз кармайт. Оорулуу капысынан эс-учун жоготуп жыгылат, адатта бир жак колу, буту шал болот, сүйлөө бузулат, адеп дем алуу кыйындап, карышат, кусат. Ишемиялык И. сутканын бардык мезгилинде кармай берет, кээде акырындап башталат: адегенде колу, анан бир жак бети шал болот, андан кийин сүйлөй албай калат. И-ту неврол. ооруканада дарылоо жакшы натыйжа берет. Үй шартында оорулууну дарылоо ж-а багуу, о. эле оор кабылдоодон сактоо өтө кыйын. Ал мээ кан тамырынын атеросклерозу, бүртүкчөлөрү, тромб, эмболиялар м-н бүтөлүшүнөн болот. Жүрөк ишинин начарлашы, кан басымынын төмөндөшү, кандын тез уюшу ж. б. ишемиялык И-тун өрчүшүнө түрткү берет. И-тан кийин бузулган функциялар (кыймыл, сүйлөө ж. б.) калыбына өтө жай келет. Ошондуктан оорулуу ооруканадан чыгып келгенден кийин жакшылап багуу талап кылынат. Дарылоодо төшөккө тынч жаткыруу, жүрөккан тамырдын бузулууларын алдын алуу, дем алуунун начарлашын, мээде кан айланууну жакшыртуу ж-а мээ күпчөгүн болтурбоо чаралары көрүлөт. О. эле мээге кан куюлса же кан тамырлардын ичкеришин жок кылуу үчүн операция жасалат. И-тун калдыктарын дарылоодо гимнастика, массаж, сүйлөөгө үйрөтүү (логопед) ж. б. жүргүзүлөт. Алдын алууда эмгек ж-а эс алуу, тамактануу, күн тартибин сактоо, нервпсихикалык күч келүүдөн алыс болуу, кан тамырдын жалпы ооруларын өз убагында дарылоо зарыл.