Difference between revisions of "ИННОВАЦИЯЛЫК ИШМЕРДИКТИ ӨНҮКТҮРҮҮНҮН ДҮЙНӨЛҮК БАГЫТТАРЫ"
м (1 версия) |
vol3>KadyrM |
(Айырма жок)
| |
12:47, 30 Июнь (Кулжа) 2025 -деги абалы
ИННОВАЦИЯЛЫК ИШМЕРДИКТИ ӨНҮКТҮРҮҮНҮН ДҮЙНӨЛҮК БАГЫТТАРЫ . КРдин
концептуалдык деңгээлдеги экон. стратегиясында дүйнөлүк чарбанын азыркы системасын калыптандырууда басымдуу роль ойноочу эволюциялык багыттар эске алынышы керек. Өнүгүп келе жаткан ар бир өлкөнүн алдында, а. а. Кыргызстандын алдында да өз ара байланыштуу эки милдет: бирдиктүү ички рынокту түзүү үчүн зарыл өсүү баскычы катары импорт алмаштыруучу саясатты аны жаңыча түшүнүү көз карашында жүргүзүү ж-а бир эле мезгилде эмгекти эл аралык бөлүштүрүүгө катышуунун экспорттук –
ө. ж. вариантын жүзөгө ашыруу турат.
21-к-дын интеллектуалдык менчиктин жыйынтыгы түрүндөгү товары калыптанып, технологи ял ар м-н ли цензи я л ардын рыногу
өнүгүүдө. Ө. ж. менчигин коргоо системасы
өнүккөн өлкөлөрдүн милдеттүү атрибуту болуп саналат ж-а муну м-н катар технол. саясат (мис., АКШныкы), ал төмөнкүлөргө багытталган:
• ишкердик чөйрөнү түзүүгө, анда инновациялардын ж-а продукциянын атаандаштыкка жарамдуулугун жогорулатууга жеке сектордун ишмердигинин дүркүрөп өсүшүн шарттайт;
• технологияларды өнүктүрүүнү, коммерциялаштырууну ж-а пайдаланууну колдоого;
• ө. ж-га көмөк көрсөтүү ж-а сооданы өнүктүрүү максатында 21-к-дын дүйнөлүк класстагы технологияларын инвестициялоого;
• аскердик ж-а жарандык милдеттерди натыйжалуу чечүүгө жарамдуу аскердик ж-а ө. ж. технологияларын интеграциялоого;
• тез өзгөрүп туруучу кырдаалда ж-а экон.
билимдерге негизденип иштөөгө жөндөмдүү дүйнөлүк деңгээлдеги жумушчу күчүн калыптандырууга;
• өлкөнүн экон. күч-кубаттуулугун түзүү максатында технологияларды пайдаланууга багытталган улуттук технол. саясатты жеке сектор
м-н өнөктөшүп иштеп чыгууга ж-а аны жактоого;
• ө. ж-на технологияларды, ченөө ж-а стандарттар системаларын өнүктүрүү б-ча көмөк көрсөтүүгө.
Дүйнөлүк экономика м-н ө. ж-нын өндүрүштүк-технол. сектору, өзгөчө жогорку технологиялар чөйрөсүндө, өзүнүн мазмуну б-ча глобалдуу болуп баратат. Жогорку өндүрүмдүү ж-а энергия үнөмдөгүч технологияларды иштеп чыгуу; алардын негизинде жогорку технол. товарларды өндүрүү ж-а кызмат көрсөтүүлөр, алар м-н дүйнөлүк рынокко чыгуу, ушул тармакта эл аралык интеграцияны кеңейтүү Батыш Европанын ө. ж. өнүккөн көптөгөн өлкөлөрү үчүн, АКШ, Япония ж-а Түш.-Чыгыш Азия өлкөлөрү
үчүн экон. өнүгүүнүн стратегиясы болуп калды
ж-а алар иш жүзүндө жаңы экон. үлгүнү калыптандырышты. Анын негизи ө. ж. өнүккөн өлкөлөрдүн улуттук инновациялык системалары (УИС) болуп калды.
21-к-дын аягындагы дүйнөлүк экон. ишмердиктин инновациялык чөйрөсүндөгү жалпы багыттар:
• жаңы билимдерди табуучулардын (өндүрүүчүлөрдүн) санынын өсүшү ж-а атаандаштыктын күчөшү:
• товар өндүрүүчүлөрдүн ж-а кызмат көрсөтүүчүлөрдүн жаңы билимдерди табуучуларга (өндүрүүчүлөргө) көз карандылыгынын өсүшү;
• УИСтин кыйла динамикалуу бөлүгү катары кичи ишканалардын маанисинин жогорулашы;
• жаңы билимдерди ж-а технологияларды жаратуучу жогорку квалификациялуу адистердин тартыштыгы ж-а акыркы продукцияны
өндүрүүчүлөргө карата квалификациялык талаптардын жогорулашы;
• эмгекти эл аралык бөлүштүрүүнүн ж-а товар өндүрүүчүлөр м-н кызмат көрсөтүүчүлөрдүн ж-а технологиянын ээлеринин ортосунда кошумча наркты кайрадан бөлүштүрүүнүн натыйжасы катары дүйнөлүк экономиканын ил.-
өндүрүштүк секторун глобалдаштыруу.
КМШ өлкөлөрүнүн рыногун чет өлкөлүк товарлар үчүн ачуу илим сыйымдуу улуттук продукцияга каратa суроо-талаптын төмөндөп кетүүсүнө, анын ички рыноктон сүрүлүп чыгышына алып келди. Бир катар тармактарда артта калуулар калыбына келбес мүнөзгө айланууда, ал эми заманбап технол. деңгээлди өздөштүрүүгө ж-а колдоого зарыл чыгымдар ушунчалык көп болгондуктан, анын ордуна чет өлкөдөн даяр продукцияны импорттоо көп учурда пайдалуу боло баштады. Инновациялык продукцияга суроо-талаптын төмөндөй баштаган шартында өндүрүштө тех. жактан кыйла жөнөкөй, арзан продукция артыкчылыкка ээ болуп, илим сыйымдуу продукцияны өндүрүүнүн көлөмүн
кескин кыскартууда. Технол. өзөгү электрондук
ө. ж., эсептөө ж-а оптика-була техникасы, пpo- граммалык камсыздоо, телекоммуникация, робот куруу болуп саналган өндүрүштүн көлөмү төмөндөөдө.
Инновациялык процесстерди аткаруунун жолундагы башкы тоскоолдуктар:
• борборлошкон каржылоонун чектелгендиги;
• ишканалардын өз каражатарынын жетишсиздиги;
• ата мекендик банк капиталы, чет өлкөлүк
инвесторлор тар, о. эле пайдаланылбай жаткан каражаты бар калк үчүн тобокелчилиги өтө жогору узак мөөнөттүү салымдарга жагымдуулуктун жетишсиздиги;
• рыноктун товар өндүрүүчүлөрдүн талаптарына жооп берген кеңири инфраструктурасынын жоктугу болуп саналат.
КМШ мамлекеттери 3–4 жылдан кийин өз
өлкөлөрүнүн экономикасынын муКТаждыктарын өз күчү м-н улуттук ил.-тех. потенциалдын жардамы м-н камсыз кылууга жөндөмсүздүк маселесине туш келүү кырдаалы келип чыга тургандыгы улам чындыкка айланып баратат. Бул KМШ мамлекеттерин өздөрүнүн ички көйгөйлөрүн техниканы ж-а технологияны учуру м-н сатып алып туруунун эсебинен чечүүгө кириптер кылат ж-а муну м-н бирге алар cырткы булактарга көпкө чейин технол. көз карандылыкка кабылышат, бул болсо акыр аягында
өлкөнүн улуттук коопсуздугунун начарлоосуна
алып келет.
Ошондой болсо да КМШ өлкөлөрүндө экономиканын дүйнөлүк рынокто атаандаштыкка жарамдуу бир катар тармактар азырынча сакталып калган. Бул колдо бар бир топ ил.-тех. потенциалды натыйжалуу пайдалануунун негизинде мамлекеттер аралык инновациялык саясатты калыптандырууга ж-а жүзөгө ашырууга мүмкүндүк берет.
1995-ж. 3-ноябрда КМШ өлкөлөрүнүн катышуучуларынын жалпы ил.-тех. мейкиндикти түзүү ж-дөгү макулдашуусуна кол коюшуп, KMШ өкмөттөрүнүн (Түркмөнстандан бөлөктөрү) башчылары экон. кызматташуунун эң маанилүү артыкчылыгы катары илим ж-а технологиялар тармагындагы интеграцияны өнүктүрүүнү белгилешкен. Макулдашууну жүзөгө ашыруу Ө. ж. менчигин коргоо маселелери б-ча мамлекеттер аралык координациялык кеңеш, Стандартташтыруу, метрология ж-а сертификация б-ча мамлекеттер аралык кеңеш ж. б. тармактык кызматташуунун башка органдары м-н тыгыз байланышта төмөнкү багыттарда жүргүзүлүүдө:
1) жалпы ил.-технол. мейкиндиктин ченемдик-укуктук базасынын негизин калыптандыруу; 2) ил.-технол. чөйрөдөгү мамлекеттер аралык программалар м-н долбоорлорду даярдоо ж-а кабыл алуу үчүн шарт м-н камсыз кылуу;
жалпы ил.-технол. мейкиндиктин инфраструктурасын калыптандыруу б-ча шapт түзүү;
КМШ мамлекеттеринин аймагындагы бөтөнчө
ил. объектилер м-н курулмаларды натыйжалуу пайдалануу жолдорун табуу; 5) жалпы ил.-тех. мейкиндикти калыптандыруу үчүн шарт – натыйжалуу уюштуруу – экон. механизмди түзүү жүргүзүлөт.
Ш. Мусакожоев.