Difference between revisions of "ИНДУСТРИЯЛЫК КООМ"
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
08:29, 30 Июнь (Кулжа) 2025 -га соңку версиясы
ИНДУСТРИЯЛЫК КООМ – «бүгүнкү типтеги» коомдук системалардын келип чыгышын мүнөздөгөн социол. теория түшүнүгү. И. к. – жаңы доордун мезгилинде Батыш Европада калыптанып, 20-к-дын 50–60-жылдарында кеңири таралган (Р. Арон, У. Ростоу, Д. Белл ж. б.) концепция. Бул терминдин чыгышы А. Сен-Си-
монго таандык. И. к-дун структураларынын тарыхый калыптануусу модернизация концепцияларында изилденет. И. к-до төмөнкү процесстер байкалат: өндүрүштү механикалаштыруу ж-а автоматташтыруу, тех. жаңыртууларды колдонуу, шаарлардын өсүшү, байыркы коомдук түзүлүштөр (патриархалдык үй-бүлө) жоюлуп, балдардын төрөлүшүнүн төмөндөшү, билим алуу түрлөрүнүн пайда болушу, урбанизация, базар экономикасы, ишкерлердин социалдык топтору ж-а жалданма жумушчулар, демократия ж-а укуктук мамлекет м-н мүнөздөлгөн ө. ж. коомунун
өнүгүшү ж. б. И. к. либералдуу коомдордо да,
о. эле авторитардык-этатисттик режимдерде да
өкүм сүрө алат. 20-к-дын аягында И. к-дон постиндустриялык коомго өтүү башталды. И. к. соц. системалардын эволюциясынын бүткүл-дүйнөлүк тарыхый процессинин бир баскычы катары каралат.