Difference between revisions of "ИНДСТАН"
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
08:29, 30 Июнь (Кулжа) 2025 -га соңку версиясы
ИНДСТАН – Азиянын түштүгүндөгү жарым арал. Анда негизинен Индия жайгашкан. Аянты 2 млн км2дей. Батышынан Араб деңизи, чыгышынан Инди океанынын Бенгал булуңу м-н чулганат. Түн. чеги – Инд д-нын дельтасынан Гангдын дельтасына өткөн шарттуу сызык. Жээги көбүнчө жапыз, булуң-буйткалары аз, жээк бойлой кууш аллювий түздүктөрү созулуп жатат. И-дын ички аймактарын Декан бөксө тоосу ээлейт; анын көтөрүңкү батыш четинде Араб деңизин карай тик түшкөн Батыш Гат тоолору, чыгышында Чыгыш Гат тоолору орун алган. Эң бийик тоо массивдери – Анаймалай (Анаймуди чокусу, бийикт. 2698 мге чейин), Нилгири, Кардамон тоолору И-дын түш. бөлүгүндө жайгашкан. Жарым арал – байыркы, кембрийге чейинки Инди (Индстан) платформасынын бир бөлүгү. Платформа, о. эле Инд, Ганг, Брахмапутра д-нын ортоңку ж-а жогорку алаптарын, Шри-Ланка а-н камтыйт. Таш көмүр, темир, марганец кендери бар. Климаты субэкватордук, муссондук, жайы жаан-чачындуу. Январдын орт. темп-расы 21–29°С, майдыкы 30– 40°С. Жылдык жаан-чачыны ички аймактарда 500–700 мм, тоолордун айдарым капталдарында 3000 ммге чейин. Дарыялары (негизгилери Нарбада, Тапти, Маханади, Годавари, Кришна) жай-күз мезгилдеринде кирип, ташкындайт. Негизинен сугатка пайдаланылат. Гат тоолорунун сырткы капталдарында нымдуу дайыма жашыл ж-а жалбырагы күбүлмө муссон токою, ички аймактарда саванна тибиндеги өсүмдүктөр, дарыялардын дельталарында мангр токою басымдуу. Декан бөксө тоосунун көп бөлүгү ж-а деңиз жээгиндеги ойдуңдары айдалган.