Difference between revisions of "АНДРЕЕВ Иван Григорьевич"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
(Created page with "'''АНДРЕЕВ Иван Григорьевич''' [31. 01 (жаңы стиль менен 11. 02). 1744, Россия империясы, Сибирь губерн...")
 
(Айырма жок)

15:03, 21 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку версиясы

АНДРЕЕВ Иван Григорьевич [31. 01 (жаңы стиль менен 11. 02). 1744, Россия империясы, Сибирь губерниясы, Тобол (Тобольск) шаары – 29.04.1824, Россия империясы, Батыш Сибирь генерал-губернаторлугу, Семипалатинск чеби] – аскер инженер-топографы, край таануучу, этнограф, жазуучу, чыгыш таануучу. 1750-жылы Тоболдогу жеке мектептен окуй баштап, 1755-жылдан аны монастырда уланткан. 1757-жылдан драгун полкунда кызмат өтөп жүрүп, гарнизондук мектепти бүтүргөн. 1758-жылдан капрал, 1763-жылдан подпрапорщик, 1766-жылдан прапорщик, 1768-жылдан подпоручик. 1772-жылы капитан чинин алып, Петропавл чебине которулган. 1776-жылы Семипалатинск чебине которулуп, 1797-жылдан өмүрүнүн аягына чейин инженер-топограф болуп кызмат кылган. 1784-жылы Сибирь корпусунун командири генерал-поручик Н. Г. Огаревдун буйругу менен кыргыз-кайсактардын (казактар) тарыхын жазууга киришкен. 1784-жыл ичинде Тюмень, Тобол, Семипалатинск, Петропавл чептериндеги архив маалыматтары менен толук таанышып чыгып, ошол эле жылы «Орто жүздөгү кыргыз-кайсактары тууралуу баян» деген чоң эмгегинин алгачкы вариантын бүтүргөн. Бирок ал эмгектин маанисин толук түшүнө албаган генерал Огарев көп жерин кыскартууну буюрган. Толук түрүндө «Описание средней орды киргиз-кайсаков с принадлежащими и касающимися до сего народа дополнениями, прилежащих к российской границе сибирской линии по части колыванской и тобольской губерний к крепостям, собранное 1785 года капитаном Андреевым» деп аталган капиталдык бул эмгектин аягына 1790-жылы 14-апрелде чыккан. Анда И. Г. Андреев алгачкылардан И. Миллер П. Рычков, В. Н. Татищевдин эмгектерин пайдаланып, «кыргыз» деген аталыштын этимологиясын, алар жашаган жер, урууларга бөлүнүшү тууралуу кененирээк маалымат берген. Мисалы, «Жапайы, кара же таш (тоо) кыргыздар жөнүндө» («О диких, черных или закаменных киргизах») деген бөлүмүндө кыргыздар менен казактарды (кайсак) эки элге ажыратууга аракет жасаган. Булардан тышкары Андреевдин аталган эмгегинен ошол мезгилдеги кыргыз-казак (кара: Бердикожо баатыр), кыргыз-кытай чек аралары, алардын өз ара мамилеси тууралуу сыяктуу баалуу маалыматтарды табууга болот.

Ад.: Русские путешственники и исследователи о киргизах. Фр., 1975; Аристов Н. А. Усуни и киргизы или Кара-киргизи. Б., 200; Алымбаев Ж. Кыргызтаану маселелери орус тарыхнаамасында (XVIII к. экинчи жарымы – XX к. башы). //Кыргыздар.14 томдук. Т. 7. Б., 2011.