Difference between revisions of "Алымбек Акылбек уулу"
(Created page with "'''АЛЫМБЕК АКЫЛБЕК УУЛУ''' (1862, Чүй өрөөнү – 1930, Россия империясы, Пермь крайы, Орда кыштагы) – солт...") |
м (→top: категория кошуу) |
||
2 -сап: | 2 -сап: | ||
Ад.: Алымбектин санжырасы. Б., 2007; Акылбеков А., Алымбеков Т. Балыкооздун санжырасы. Б., 2009. | Ад.: Алымбектин санжырасы. Б., 2007; Акылбеков А., Алымбеков Т. Балыкооздун санжырасы. Б., 2009. | ||
[[Категория:1-Том]] |
11:03, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АЛЫМБЕК АКЫЛБЕК УУЛУ (1862, Чүй өрөөнү – 1930, Россия империясы, Пермь крайы, Орда кыштагы) – солто уруусунан чыккан атактуу манап, белгилүү санжырачы. Манасчы Балыкоозду 10 жашынан баштап угуп, көп сөздөрүн жаттап калган. Анын көзү өткөндөн кийин эсине сактап калганын анын уулу Тургунбек көчүрүп, аны 1947-ж. Кыргыз ССР ИАсынын кол жазмалар фондусуна өткөргөн жана ал кол жазмага 1981-жылы «Кыргыздардын келип чыгышы» деген шарттуу аталуу берилген. Анда Балыкоозго таандык «Отор хан» жомогу жана казак ханы (1771–1780) Абылайдын доорундагы кыргыз-казак мамилелери кеңири чагылдырылган. Тарыхчы Белек Солтоноевден айырмаланып, калмак доорунда кыргыздардын Талас, Чүйдү ээлеп калышы жана азыркы чек аранын түптөлүшү тууралуу так маалыматтарды камтыйт. Алымбек манаптын билимдүү-илимдүү (магрифат) адам экенин тарыхчы Осмонаалы Сыдык (Кыдык) да эскерип кеткен. Бир нече жылы Олуя-Ата уездинин Талкан болуштугунда болуш (1890–1893), бий (1893–1896) болуп иштеген. 1927-жылы 29-июлдагы ОГПУнун Коллегиясынын Өзгөчө Кеңешинин токтому менен 3 жылга кесилип Урал губерниясынын Бөкөй уездине айдалган. Мөөнөтү аяктаганда ага Казакстан жана Орто Азияда турууга тыюу салынып, башка, каалаган жер таңдап жашоого уруксат берилген. 1930-жылы Пермь крайындагы Орда кыштагында кайтыш болуп, сөөгүн уулу Ашымбек көөмп келген. 1989-жылы 16-январдагы СССР Жогорку Советинин Президимунун Указынын негизинде жана 1991-жылы 1-ноябрдагы Кыргыз Республикасынын Прокурорунун корутундусу менен акталууга жаткан.
Ад.: Алымбектин санжырасы. Б., 2007; Акылбеков А., Алымбеков Т. Балыкооздун санжырасы. Б., 2009.