Difference between revisions of "АШГАБАТ шаары"
м (→top: категория кошуу) |
|||
(4 intermediate revisions by 3 users not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АШГАБАТ''' ( | '''АШГАБАТ''' (арабча ''ашк'' ‒ ашык, иранча ''абад'' ‒ шаар) ‒ Түркмөн Республикасынын борбор шаары. Өзүнчө администрациялык бирдикти ‒ вилаятты түзөт. Калкы 1,2 млн (2019). Копетдаг тоосунун этегиндеги түздүктө, Ахальск оазисинде, деӊиз деӊгээлинен 214‒240 ''м'' бийиктикте жайгашкан. Шаардын түндүгүнөн Кара-Кум каналы өтөт. Машина куруу, металл иштетүү, электр-техникалык, айнек, жеӊил (трикотаж, кебез-кездеме, жибек жиби, килем), тамак-аш өнөр жайы, курулуш материалдар өндүрүшү бар. Темир жол бекети. Эл аралык аэропорту бар. Асхабад аскер чеби катары 1881-жылы негизделген. 1919‒27-жылдары Полторацк (революциячы П. Г. Полторацкийдин ысымынан) аталган. 1924-жылдан Түркмөнстандын борбору. Шаар бир нече жолу (1893, 1895, 1929, 1948) жер титирөөгө дуушар болуп, 1948-жылкы жер титирөөдөн дээрлик кыйрап, 1949-, 1959-жылкы генплан боюнча кайра курулган. Улуу Ата мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган. 1990-жылдан жаӊы шаар куруу программасы ишке ашууда. Түркмөнстан, Түркия, Франция ж. б. өлкөлөрдүн адистеринин катышуусунда өкмөт үйүнүн ансамбли (<span cat="ж.кыск" oldv="а. и.">анын ичинде</span> президент, конгресс ак сарайлары), мемориалдык курулуштар (Бейтараптык аркасы, жер титирөөдө курман болгондорго эстелик, 1948), фонтан, скульптуралуу салтанат эспланадасы, «Олимпияда» стадиону ж. б. курулган. Туран аянтында Кара-Кум курулуш башкармасынын имараты <span cat="ж.кыск" oldv="м-н">менен</span> курулуш ансамбли (1967), Азади атындагы китепкана (1969‒74), тарыхый-маданий коругу, илимдер академиясы (1951), 10дон ашык ЖОЖ (<span cat="ж.кыск" oldv="а. и.">анын ичинде</span> университет), сүрөт галереясы (1990), Түркмөн килем (1994), Улуттук (1998; археологиялык табылгалар) музейлери бар. Орус драма театры (1926), академиялык театр (1929), улуттук музыкалык-драма театры, мамлекеттик театр, куурчак театры, «Түркмөнфильм» кинокомпаниясы (1926), цирк, мамлекеттик филармония (1938), симфониялык оркестр (1998) иштейт.<br> | ||
Асхабад аскер чеби катары 1881- | [[Категория:1-Том]] | ||
10:58, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АШГАБАТ (арабча ашк ‒ ашык, иранча абад ‒ шаар) ‒ Түркмөн Республикасынын борбор шаары. Өзүнчө администрациялык бирдикти ‒ вилаятты түзөт. Калкы 1,2 млн (2019). Копетдаг тоосунун этегиндеги түздүктө, Ахальск оазисинде, деӊиз деӊгээлинен 214‒240 м бийиктикте жайгашкан. Шаардын түндүгүнөн Кара-Кум каналы өтөт. Машина куруу, металл иштетүү, электр-техникалык, айнек, жеӊил (трикотаж, кебез-кездеме, жибек жиби, килем), тамак-аш өнөр жайы, курулуш материалдар өндүрүшү бар. Темир жол бекети. Эл аралык аэропорту бар. Асхабад аскер чеби катары 1881-жылы негизделген. 1919‒27-жылдары Полторацк (революциячы П. Г. Полторацкийдин ысымынан) аталган. 1924-жылдан Түркмөнстандын борбору. Шаар бир нече жолу (1893, 1895, 1929, 1948) жер титирөөгө дуушар болуп, 1948-жылкы жер титирөөдөн дээрлик кыйрап, 1949-, 1959-жылкы генплан боюнча кайра курулган. Улуу Ата мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган. 1990-жылдан жаӊы шаар куруу программасы ишке ашууда. Түркмөнстан, Түркия, Франция ж. б. өлкөлөрдүн адистеринин катышуусунда өкмөт үйүнүн ансамбли (анын ичинде президент, конгресс ак сарайлары), мемориалдык курулуштар (Бейтараптык аркасы, жер титирөөдө курман болгондорго эстелик, 1948), фонтан, скульптуралуу салтанат эспланадасы, «Олимпияда» стадиону ж. б. курулган. Туран аянтында Кара-Кум курулуш башкармасынын имараты менен курулуш ансамбли (1967), Азади атындагы китепкана (1969‒74), тарыхый-маданий коругу, илимдер академиясы (1951), 10дон ашык ЖОЖ (анын ичинде университет), сүрөт галереясы (1990), Түркмөн килем (1994), Улуттук (1998; археологиялык табылгалар) музейлери бар. Орус драма театры (1926), академиялык театр (1929), улуттук музыкалык-драма театры, мамлекеттик театр, куурчак театры, «Түркмөнфильм» кинокомпаниясы (1926), цирк, мамлекеттик филармония (1938), симфониялык оркестр (1998) иштейт.