Difference between revisions of "АТЕРОСКЛЕРОЗ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
556-684>KadyrM
м (→‎top: категория кошуу)

(8 intermediate revisions by 3 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
(гр. athera ‒ ботко, sklerosis ‒ берч) ‒ кан тамырдын өнөкөт оорусу. Артерия кан тамырларынын ички бетине холестериндин катмарланышы, өзгөчө липид майынын алмашуусунун бузулушу А-го алып келет. Мында кан тамырдын ички бетине түрдүү майлар көп топтолуп фиброздуу ж-а берчтенген томпокчо лор, кальциноз же атерокальциноз пайда болот. Артерия кан тамырларынын ички катмары ‒ интима калыӊдап, бузулуп, тарыйт, натыйжада органдарды, ткандарды кан м-н камсыз кылуу начарлайт. Артерия кан басымынын көтөрүлүшү, ички секреция бездеринин бузулушу, коомдук-социалдык факторлор, илим м-н техниканын өнүгүшү, кайгыруу, капа болуу, стресс абал, о. эле тукум куума, улуттук өзгөчөлүктөр да анын өөрчүшүнө түрткү берет. А-дун өөрчүшү 2 мезгилге бөлүнөт: оорунун башталышы (оору белгилери билине элек кез); оорунун күчөшү (оорунун белгилери ачык билинет). А-дун башталышын билүү өтө кыйын. Анда айрыкча мээ, жүрөк, бөйрөк, бут кан тамырлары жабыркайт. Мээ кан тамырларынын А-унда адамдын ишке жөндөмдүүлүгү төмөндөйт, унутчаак болуп, бат чарчайт, оорулунун башы ай
'''АТЕРОСКЛЕРО́З''' (гр. athera ‒ ботко, sklerosis ‒ берч) ‒ кан тамырдын өнөкөт оорусу. Артерия кан тамырларынын ички бетине холестериндин катмарланышы, өзгөчө липид майынын алмашуусунун бузулушу Атеросклерозго алып келет. Мында кан тамырдын ички бетине түрдүү майлар көп топтолуп фиброздуу жана  берчтенген томпокчолор, кальциноз же атерокальциноз пайда болот. Артерия кан тамырларынын ички катмары ‒ интима калыӊдап, бузулуп, тарыйт, натыйжада органдарды, ткандарды кан менен камсыз кылуу начарлайт. Артерия кан басымынын көтөрүлүшү, ички секреция бездеринин бузулушу, коомдук-социалдык факторлор, илим менен техниканын өнүгүшү, кайгыруу, капа болуу, стресс абал, ошондой  эле тукум куума, улуттук өзгөчөлүктөр да анын өөрчүшүнө түрткү берет. Атеросклероздун өөрчүшү 2 мезгилге бөлүнөт: оорунун башталышы (оору белгилери билине элек кез); оорунун күчөшү (оорунун белгилери ачык билинет). Атеросклероздун башталышын билүү өтө кыйын. Анда айрыкча мээ, жүрөк, бөйрөк, бут кан тамырлары жабыркайт. Мээ кан тамырларынын Атеросклерозунда адамдын ишке жөндөмдүүлүгү төмөндөйт, унутчаак болуп, бат чарчайт, оорулунун башы айланып, салмактанат, уйкусу качат. Күчөп кетсе психикасынын бузулушуна алып келет; себепсиз кыжырланат, жүрүш-турушу өзгөрөт, кем акыл болуп калышы мүмкүн; оорунун эӊ оор кабылдоосу ‒ мээге кан куюлуу (''инсульт''). Жүрөк кан тамырынын Атеросклерозунда алардын тарышынан жүрөк булчуӊдарын кан менен жабдуу жетишсиз болуп, натыйжада көкүрөк же жүрөк туш катуу ооруйт. Оорулуу өтө чарчаганда же капаланганда, кээде тынч абалда деле сол кол менен далы же моюндун сол жагы ооруйт. Бул ооруга жаштын улгайышы, холестерини көп азыктар (мээ, бөйрөк, жумуртканын сарысы, балык икрасы ж. б.) менен тамактануу, борбордук нерв системасынын бузулушу, ичкиликти көп ичүү, тамеки тартуу ж. б. түрткү болот. Ошондой эле акыл эмгеги менен иштегендер, эркектер көбүрөөк жабыркайт. Ооруну алдын алууда туура тамактануу, эмгек жана эс алуу режимдерин туура пайдалануу, дене тарбия жана спорт оюндарына катышуу, таза абада болуу чоӊ мааниге ээ.

ланып, салмактанат, уйкусу качат. Күчөп кетсе психикасынын бузулушуна алып келет; себепсиз кыжырланат, жүрүш-турушу өзгөрөт, кем акыл болуп калышы мүмкүн; оорунун эӊ оор кабылдоосу ‒ мээге кан куюлуу (''инсульт''). Жүрөк кан тамырынын А-унда алардын тарышынан жүрөк булчуӊдарын кан м-н жабдуу жетишсиз болуп, натыйжада көкүрөк же жүрөк туш катуу ооруйт. Оорулуу өтө чарчаганда же капаланганда, кээде тынч абалда деле сол кол м-н далы же моюндун сол жагы ооруйт. Бул ооруга жаштын улгайышы, холестерини көп азыктар (мээ, бөйрөк, жумуртканын сарысы, балык икрасы ж. б.) м-н тамактануу, борбору нерв системасынын бузулушу, ичкиликти көп ичүү, тамеки тартуу ж. б. түрткү болот. О. эле акыл эмгеги м-н иштегендер, эркектер көбүрөөк жабыркайт. Ооруну алдын алууда туура тамактануу, эмгек ж-а эсалуу режимдерин туура пайдалануу, дене тарбия ж-а спорт оюндарына катышуу, таза абада болуу чоӊ мааниге ээ.

[[Категория:1-Том]]

10:47, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АТЕРОСКЛЕРО́З (гр. athera ‒ ботко, sklerosis ‒ берч) ‒ кан тамырдын өнөкөт оорусу. Артерия кан тамырларынын ички бетине холестериндин катмарланышы, өзгөчө липид майынын алмашуусунун бузулушу Атеросклерозго алып келет. Мында кан тамырдын ички бетине түрдүү майлар көп топтолуп фиброздуу жана берчтенген томпокчолор, кальциноз же атерокальциноз пайда болот. Артерия кан тамырларынын ички катмары ‒ интима калыӊдап, бузулуп, тарыйт, натыйжада органдарды, ткандарды кан менен камсыз кылуу начарлайт. Артерия кан басымынын көтөрүлүшү, ички секреция бездеринин бузулушу, коомдук-социалдык факторлор, илим менен техниканын өнүгүшү, кайгыруу, капа болуу, стресс абал, ошондой эле тукум куума, улуттук өзгөчөлүктөр да анын өөрчүшүнө түрткү берет. Атеросклероздун өөрчүшү 2 мезгилге бөлүнөт: оорунун башталышы (оору белгилери билине элек кез); оорунун күчөшү (оорунун белгилери ачык билинет). Атеросклероздун башталышын билүү өтө кыйын. Анда айрыкча мээ, жүрөк, бөйрөк, бут кан тамырлары жабыркайт. Мээ кан тамырларынын Атеросклерозунда адамдын ишке жөндөмдүүлүгү төмөндөйт, унутчаак болуп, бат чарчайт, оорулунун башы айланып, салмактанат, уйкусу качат. Күчөп кетсе психикасынын бузулушуна алып келет; себепсиз кыжырланат, жүрүш-турушу өзгөрөт, кем акыл болуп калышы мүмкүн; оорунун эӊ оор кабылдоосу ‒ мээге кан куюлуу (инсульт). Жүрөк кан тамырынын Атеросклерозунда алардын тарышынан жүрөк булчуӊдарын кан менен жабдуу жетишсиз болуп, натыйжада көкүрөк же жүрөк туш катуу ооруйт. Оорулуу өтө чарчаганда же капаланганда, кээде тынч абалда деле сол кол менен далы же моюндун сол жагы ооруйт. Бул ооруга жаштын улгайышы, холестерини көп азыктар (мээ, бөйрөк, жумуртканын сарысы, балык икрасы ж. б.) менен тамактануу, борбордук нерв системасынын бузулушу, ичкиликти көп ичүү, тамеки тартуу ж. б. түрткү болот. Ошондой эле акыл эмгеги менен иштегендер, эркектер көбүрөөк жабыркайт. Ооруну алдын алууда туура тамактануу, эмгек жана эс алуу режимдерин туура пайдалануу, дене тарбия жана спорт оюндарына катышуу, таза абада болуу чоӊ мааниге ээ.