Difference between revisions of "АТ КҮТҮҮ САЛТЫ"
м (→top: clean up, replaced: м-н → менен (9)) |
м (→top: категория кошуу) |

(3 intermediate revisions by one other user not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
Кыргыздарда эзелтен аздектеп, атадан балага өткөн салттардан ат багуу, минүү, көздөө | '''АТ КҮТҮҮ САЛТЫ--'''Кыргыздарда эзелтен аздектеп, атадан балага өткөн салттардан ат багуу, минүү, көздөө боюнча көп ыкмалар бар: 1) а т т ы о т к о к о ю у: а т а р к а н д о о, ''аргамжылоо'' ‒ казык кагып, ага ''аркандын'' бир учун казыкбош чалып, бир учуна эки алдынкы бутун тушоо. Аттын бир бутун байлоо ‒ карыялардын айтымында, малдын бутуна кан түшүрөт. Аркандалууда ат казыкты айлана оттойт. Аркан казыкты ороп калбайт; а т т у у ш о о ‒ ''жип, чылбыр'', чидер, ''кишен'' колдонулуп, ат эки бутунан же үч буту тушалат. Чылбыр, жипти эки алдынкы бутунан кууштуура күрмөп, кайра чече коюуга оӊтойлоштуруп илмек байлайт. Чидер, кишен менен аттын алдынкы эки бутуна мүйүз, жыгач тогоо илине турган кайыш өрүмдү топчулай коёт же үч буттап тушайт; ч ө п | ||
ч а л д ы р у у ‒ атчан баратып ара жолдо түшүп, аттын ооздугун чыгара коюп, ээр-токумчан, кыска мөөнөткө оттотот. Күлүктү чабаардын алдында же таӊ ашырарда кичине чөп берип, андан соӊ аса байлап коёт. Т ү н к ү с ү н ж а й д а к т а п а г ы т ы п ж и б е р ү ү да кеӊири колдонулат; 2) а т с у г а р у у ‒ жем илүүнүн алдында шар аккан сууга (таза болбосо, ат ичпейт) ооздугун чыгарып ичирет, кээде чака менен да сугарат. Шашылыш убакта «жолдо сугарып алам» дебей, бастырарда сугарып, анан чөп чалдырып алуу туура. Ошондон улам эл ичинде «Эр башына күн түшсө, өтүгү менен суу кечет. Ат башына күн түшсө, ооздугу менен суу ичет» деген макал айтылып калса керек; 3) ж е м б е р ү ү (и л ү ү) ‒ атты сугарып туруп, жем илет. Жемди ''дорбого'' (жембаштыкка) илет же шалчага төгүп берет. Жем жегенден кийин сугарбайт; 4) а т с у у т у у ‒ суутуунун да түрлөрү бар: Суутуу алдында атка бир аз чөп чалдырат; алыс сапардан келген атты аса байлап, таӊ ашырат; атайын жашыруун максат менен белгилүү убакытка чейин «аттын тилин бууп» суутат; «аттын көкүрөгүн бастыруу» да суутуунун түрүнө кирет. Аларды үч-төрт чай кайнамдан кийин отко коёт. Ал эми чабылуучу күлүктөр өзүнчө ыкмалар менен суутулат. Атты минүүгө даярдоо: 1) а т т ы б а к а л а п, к а р а п ч ы г у у ‒ аттын жонун, дене-боюн тазалап, жал-куйругун тароо; 2) а т т о к у у: адегенде аттын жонуна ичмек, анан тердик, айрым учурда (аш-тойлордо, салтанаттарда) шалча, ''а т ж а б у у'' жабылат. ''Желдик'' (каптырга), ошондой эле ''куюшканы'' салынып, каптырганын үстүнө ''ээр'' токулат. Ээр аттын жонуна ички ''басмайыл'' менен тартылып бекитилет. Ээрдин чарасына ''көрпөчө'' салынат. Көрпөчөнүн үстүнөн сырткы басмайыл, омуроосуна ''көмөлдүрүк'' тартылат; 3) к а з ы к к а б а й л о о ‒ атты казыкка аса байлап, басмайылын бир аз бошотуп коюу; 4) а т м и н ү ү ‒ атты алдыга туура тартып, сол бутту сол үзөӊгүгө илип, ат жалын же ээрдин кашын сол кол менен кармап, көтөрүлүп, ээрге отуруу. Атказуучу болсо аны сол колтуктан өйдө, жеӊилдете көтөрүп коёт. Аттанаар менен шарт бастырып кетүү салт болуп саналат; 5) б а л а н ы а т к а м и н г и з ү ү ж ө р ө л г ө с ү ‒ көчкөндө, аш-тойлордо, той-тамашаларда ээрчип барган баланы ээрге өӊөрүү, 3‒5 жашында ''айырмач'' ээр токулган тайга мингизип, жетелеп алуу. Ал 5‒6 жашында тизгинди өз алдынча кармап, бастырып кеткен; 6) а т б а с т ы р у у ‒ кыргыздар талаа-түздөрдө, адыр-белестерде, ашуу-белдерде ат үстүндө жай же желдирип бастырышкан, жоргосун салдыруу менен же атты чабуу менен ылдамдап жүрүшкөн; 7) а т т ы с а л т а н а т к а ш ө к ө т т ө ө ‒ аш-тойлордо, майрамдарда атка ''абайы'' жаап, шалчалап, ''үртүктөп'' кооздошкон; 8) т у м а р т а г у у. Жакшы малды айрым «суук көздөрдөн» сактоо максатында, күлүк аттардын моюнуна көз мончок, тумар тагышкан. Ат үстүндө бекем отуруу, атты башкаруу, жүрүү жагынан көчмөндөрдүн көптөгөн салты малчылар арасында, ат спортунда орун алып келүүдө.

[[Категория:1-Том]] |
10:39, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АТ КҮТҮҮ САЛТЫ--Кыргыздарда эзелтен аздектеп, атадан балага өткөн салттардан ат багуу, минүү, көздөө боюнча көп ыкмалар бар: 1) а т т ы о т к о к о ю у: а т а р к а н д о о, аргамжылоо ‒ казык кагып, ага аркандын бир учун казыкбош чалып, бир учуна эки алдынкы бутун тушоо. Аттын бир бутун байлоо ‒ карыялардын айтымында, малдын бутуна кан түшүрөт. Аркандалууда ат казыкты айлана оттойт. Аркан казыкты ороп калбайт; а т т у у ш о о ‒ жип, чылбыр, чидер, кишен колдонулуп, ат эки бутунан же үч буту тушалат. Чылбыр, жипти эки алдынкы бутунан кууштуура күрмөп, кайра чече коюуга оӊтойлоштуруп илмек байлайт. Чидер, кишен менен аттын алдынкы эки бутуна мүйүз, жыгач тогоо илине турган кайыш өрүмдү топчулай коёт же үч буттап тушайт; ч ө п
ч а л д ы р у у ‒ атчан баратып ара жолдо түшүп, аттын ооздугун чыгара коюп, ээр-токумчан, кыска мөөнөткө оттотот. Күлүктү чабаардын алдында же таӊ ашырарда кичине чөп берип, андан соӊ аса байлап коёт. Т ү н к ү с ү н ж а й д а к т а п а г ы т ы п ж и б е р ү ү да кеӊири колдонулат; 2) а т с у г а р у у ‒ жем илүүнүн алдында шар аккан сууга (таза болбосо, ат ичпейт) ооздугун чыгарып ичирет, кээде чака менен да сугарат. Шашылыш убакта «жолдо сугарып алам» дебей, бастырарда сугарып, анан чөп чалдырып алуу туура. Ошондон улам эл ичинде «Эр башына күн түшсө, өтүгү менен суу кечет. Ат башына күн түшсө, ооздугу менен суу ичет» деген макал айтылып калса керек; 3) ж е м б е р ү ү (и л ү ү) ‒ атты сугарып туруп, жем илет. Жемди дорбого (жембаштыкка) илет же шалчага төгүп берет. Жем жегенден кийин сугарбайт; 4) а т с у у т у у ‒ суутуунун да түрлөрү бар: Суутуу алдында атка бир аз чөп чалдырат; алыс сапардан келген атты аса байлап, таӊ ашырат; атайын жашыруун максат менен белгилүү убакытка чейин «аттын тилин бууп» суутат; «аттын көкүрөгүн бастыруу» да суутуунун түрүнө кирет. Аларды үч-төрт чай кайнамдан кийин отко коёт. Ал эми чабылуучу күлүктөр өзүнчө ыкмалар менен суутулат. Атты минүүгө даярдоо: 1) а т т ы б а к а л а п, к а р а п ч ы г у у ‒ аттын жонун, дене-боюн тазалап, жал-куйругун тароо; 2) а т т о к у у: адегенде аттын жонуна ичмек, анан тердик, айрым учурда (аш-тойлордо, салтанаттарда) шалча, а т ж а б у у жабылат. Желдик (каптырга), ошондой эле куюшканы салынып, каптырганын үстүнө ээр токулат. Ээр аттын жонуна ички басмайыл менен тартылып бекитилет. Ээрдин чарасына көрпөчө салынат. Көрпөчөнүн үстүнөн сырткы басмайыл, омуроосуна көмөлдүрүк тартылат; 3) к а з ы к к а б а й л о о ‒ атты казыкка аса байлап, басмайылын бир аз бошотуп коюу; 4) а т м и н ү ү ‒ атты алдыга туура тартып, сол бутту сол үзөӊгүгө илип, ат жалын же ээрдин кашын сол кол менен кармап, көтөрүлүп, ээрге отуруу. Атказуучу болсо аны сол колтуктан өйдө, жеӊилдете көтөрүп коёт. Аттанаар менен шарт бастырып кетүү салт болуп саналат; 5) б а л а н ы а т к а м и н г и з ү ү ж ө р ө л г ө с ү ‒ көчкөндө, аш-тойлордо, той-тамашаларда ээрчип барган баланы ээрге өӊөрүү, 3‒5 жашында айырмач ээр токулган тайга мингизип, жетелеп алуу. Ал 5‒6 жашында тизгинди өз алдынча кармап, бастырып кеткен; 6) а т б а с т ы р у у ‒ кыргыздар талаа-түздөрдө, адыр-белестерде, ашуу-белдерде ат үстүндө жай же желдирип бастырышкан, жоргосун салдыруу менен же атты чабуу менен ылдамдап жүрүшкөн; 7) а т т ы с а л т а н а т к а ш ө к ө т т ө ө ‒ аш-тойлордо, майрамдарда атка абайы жаап, шалчалап, үртүктөп кооздошкон; 8) т у м а р т а г у у. Жакшы малды айрым «суук көздөрдөн» сактоо максатында, күлүк аттардын моюнуна көз мончок, тумар тагышкан. Ат үстүндө бекем отуруу, атты башкаруу, жүрүү жагынан көчмөндөрдүн көптөгөн салты малчылар арасында, ат спортунда орун алып келүүдө.