Difference between revisions of "АЛЕКСАНДРОВ Павел Сергеевич"
м (→top: категория кошуу) |

(6 intermediate revisions by 3 users not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АЛЕСАНДРОВ''' '''Павел Сергеевич''' [25.4 (7.5) 1896, Богородск шаарчасы, азыркы Ногинск, Москва облусу ‒ 16. 11. 1982, Москва] ‒ орус математиги, СССР ИАнын академиги (1953), советтик топологиялык мектептин негиздөөчүсү, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1969). Москва университетин бүтүргөн (1917), ошол эле жерде иштеген (1929-жылдан профессор). Негизги илимий-изилдөөлөрүн топологияга арнаган. П. С. Урысон менен бирдикте компакттуу жана бикомпакттуу мейкиндиктер теориясын түзгөн. Өлчөмдөр теориясына жаӊы геометриялык багыт берүү менен анын өнүгүшүнө зор салым кошкон. Өлчөмдүү гомологиялык теорияны түзгөн. Көптүктөрдү изилдөөнүн комбинаторикалык (алгебралык) ыкмаларын иштеп чыккан. Топологияга бир нече фундаменталдуу түшүнүктөрдү киргизген. Бир катар эмгектери көптүктөр, функциялар теорияларына арналган. «Комбинаторикалык топология», «Өлчөмдөрдүн гомологиялык теориясына киришүү», «Көптүктөр теориясына жана жалпы топологияга киришүү» ж. б. бир нече монографиялардын автору. Москва математика коомунун президенти (1932‒64), ардактуу президенти (1964-жылдан). Бир катар чет өлкөлүк илимдер академияларынын жана илимий коомдорунун ардактуу мүчөсү. СССР мамлекеттик сыйлыгынын (1943), Н. И. Лобачевский атындагы эл аралык сыйлыктын (1972) лауреаты. Алты Ленин, Октябрь Революциясы, Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери менен сыйланган. | |||
''А. А. Чекеев, С. С. Токсонбаев.''
| ''А. А. Чекеев, С. С. Токсонбаев.''

[[Категория:1-Том]] |
09:17, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АЛЕСАНДРОВ Павел Сергеевич [25.4 (7.5) 1896, Богородск шаарчасы, азыркы Ногинск, Москва облусу ‒ 16. 11. 1982, Москва] ‒ орус математиги, СССР ИАнын академиги (1953), советтик топологиялык мектептин негиздөөчүсү, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1969). Москва университетин бүтүргөн (1917), ошол эле жерде иштеген (1929-жылдан профессор). Негизги илимий-изилдөөлөрүн топологияга арнаган. П. С. Урысон менен бирдикте компакттуу жана бикомпакттуу мейкиндиктер теориясын түзгөн. Өлчөмдөр теориясына жаӊы геометриялык багыт берүү менен анын өнүгүшүнө зор салым кошкон. Өлчөмдүү гомологиялык теорияны түзгөн. Көптүктөрдү изилдөөнүн комбинаторикалык (алгебралык) ыкмаларын иштеп чыккан. Топологияга бир нече фундаменталдуу түшүнүктөрдү киргизген. Бир катар эмгектери көптүктөр, функциялар теорияларына арналган. «Комбинаторикалык топология», «Өлчөмдөрдүн гомологиялык теориясына киришүү», «Көптүктөр теориясына жана жалпы топологияга киришүү» ж. б. бир нече монографиялардын автору. Москва математика коомунун президенти (1932‒64), ардактуу президенти (1964-жылдан). Бир катар чет өлкөлүк илимдер академияларынын жана илимий коомдорунун ардактуу мүчөсү. СССР мамлекеттик сыйлыгынын (1943), Н. И. Лобачевский атындагы эл аралык сыйлыктын (1972) лауреаты. Алты Ленин, Октябрь Революциясы, Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери менен сыйланган.
А. А. Чекеев, С. С. Токсонбаев.