Difference between revisions of "АЗОТ ТОПТООЧУ МИКРООРГАНИЗМДЕР"
117-179>KadyrM |
м (→top: категория кошуу) |

(7 intermediate revisions by 3 users not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АЗОТ ТОПТООЧУ МИКРООРГАНИЗМДЕР''' – абадагы молекулалык азотту сиңирип, азот бирикмелерине айландыруучу микроорганизмдер. Буга татаал түзүлүштүү өсүмдүктөр менен ''симбиоздо'' жашаган бактериялар, топуракта эркин жашоочулар да кирет. Азоттун табиятта айланышында жана топуракты, көлмөлөрдү азот кошулмалары менен байытууда алардын мааниси чоң (симбиоздук бактериялар жылына 1 ''га'' топуракта 200‑300 ''кг,'' симбиоздук эместер 15‑30 ''кг'' азот топтойт). Булардын тиричилигинин натыйжасында молекулалык азоттон (N2) аммиак (NH3) пайда болот. Ал эми аммиактан синтезделген амин кислоталарды өсүмдүктөр пайдаланат. Топуракта, сууда эркин жашаган микроорганизмдерге азот жана анаэробдук бактериялар – клостридум, метан кычкылдандыруучу бактериялар, кызыл күкүрт жана жашыл күкүрт бактериялары кирет. Көк жашыл бактериялардын көбү, кээ бир козу карындар, ачыткылар, спирохеталар да азот топтойт. Симбиоздук азот топтоочуларга чанактуу өсүмдүктүн (буурчак, беде, уй беде, люпин ж. б.) тамырларында жашоочу түймөк бактериялары кирет. Ошондой эле түймөкчөлөр ольха, жийде ж. б. өсүмдүктүн тамырында да жашап, азот бирикмелерин топтойт.

жашаган бактериялар, топуракта эркин жашоочулар да кирет. Азоттун табиятта айланышында ж | [[Категория:1-Том]] | ||
08:37, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АЗОТ ТОПТООЧУ МИКРООРГАНИЗМДЕР – абадагы молекулалык азотту сиңирип, азот бирикмелерине айландыруучу микроорганизмдер. Буга татаал түзүлүштүү өсүмдүктөр менен симбиоздо жашаган бактериялар, топуракта эркин жашоочулар да кирет. Азоттун табиятта айланышында жана топуракты, көлмөлөрдү азот кошулмалары менен байытууда алардын мааниси чоң (симбиоздук бактериялар жылына 1 га топуракта 200‑300 кг, симбиоздук эместер 15‑30 кг азот топтойт). Булардын тиричилигинин натыйжасында молекулалык азоттон (N2) аммиак (NH3) пайда болот. Ал эми аммиактан синтезделген амин кислоталарды өсүмдүктөр пайдаланат. Топуракта, сууда эркин жашаган микроорганизмдерге азот жана анаэробдук бактериялар – клостридум, метан кычкылдандыруучу бактериялар, кызыл күкүрт жана жашыл күкүрт бактериялары кирет. Көк жашыл бактериялардын көбү, кээ бир козу карындар, ачыткылар, спирохеталар да азот топтойт. Симбиоздук азот топтоочуларга чанактуу өсүмдүктүн (буурчак, беде, уй беде, люпин ж. б.) тамырларында жашоочу түймөк бактериялары кирет. Ошондой эле түймөкчөлөр ольха, жийде ж. б. өсүмдүктүн тамырында да жашап, азот бирикмелерин топтойт.