Difference between revisions of "АДЫГЭ РЕСПУБЛИКАСЫ"
м (→top: категория кошуу) |
|||
(11 intermediate revisions by 6 users not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АДЫГЭ,''' А д ы г э Р е с п у б л и к а с ы Россия Федерациясынын курамында, Түндүк Кавказда, Лаба жанa ''Кубань'' дарыяларынын боюнда жайгашкан. Бардык жагынан ''Краснодар крайы'' менен чектешет. Аянты 7,8 миң ''км<sup>2</sup>.'' Калкы 442,8 миң (2009). Борбору – Майкоп шаары. Администрациялык-аймактык жактан 7 районго, 2 шаарга (Майкоп, Адыгейск), 3 шаарчага бөлүнөт. | |||
Мамлекетти башкаруу | |||
Мамлекетти башкаруу жанa аткаруу бийлиги президентке таандык. Мыйзам чыгаруучу жогорку органы – мамлекеттик кеңеш. Республиканын хасэси (парламент) 2 палаткадан (Өкүлдөр кеңеши жана республикалык кеңеш) турат. Министрлер кабинети – мамлекеттик бийликтин аткаруу органы. Президент премьер‑министрди мамлекеттик кеңештин макулдугу менен дайындайт.<br>Республиканын түндүгү Кубань бою түздүгүндө, түштүгү Чоң Кавказдын капталдарында жайгашкан. Жеринин бетинин бийиктиги 3238 ''м''ге чейин (Чугуш чокусу). Нефть жана газ (Майкоптун айланасынан), курулуш материалдары, фосфорит (запасы 180 миң т) казылып алынат. Минералдык булактары бар. Климаты мелүүн континенттик, жылуу жана нымдуу. Январдын орточо температурасы –2,4°С, июлдуку 22,2°С. Жылдык жаан‑чачыны 700 ''мм'' (эң көбү апрелден декабрга чейин). Аязсыз мезгили 180 күн. Ири дарыялары: Кубань (куймасы Лаба менен), Ак (Фишт шаркыратмасы бар), Чехрак, Фарс, Пшиш, Псекупс ж. б. Дарыялардын агымын жөнгө салуу иретинде суу сактагычтар (Краснодар, Тщикск, Шапсугск, Октябрь) курулган. Кээ бир дарыяларынын төмөнкү агымында сал агызылат. Кара топурак басымдуу келип, аймагын эмен, бук, граб, зараң, ак чечек ж. б. жазы жалбырактуу токой ээлеп жатат. Жапайы мөмө‑жемиш, дары-дармек, эфир‑май өсүмдүктөрү көп. Тоолорунда бийиктеген сайын жазы жалбырактуу жана ийне жалбырактуу токой (көк карагай, карагай, кызыл карагай) менен алмашат. Аймагынын 40%ын токой ээлейт.<br>Негизги калкы адыгэлер, ошондой эле орус, күрд, татар ж. б. улут өкүлдөрү жашайт. Калкынын жашынын орточо узактыгы эркектериники – 62,6, аялдарыныкы – 75,2 жаш. Орточо жыштыгы 1 ''км<sup>2</sup>'' жерге 57,9 киши. Шаар калкы 53,7%. Шаарлары: Майкоп, Адыгейск. Адыгэде ''Бүткүл дүйнөлүк мурастын'' тизмесине кирген ''Кавказ коругунун'' тоо жак бөлүгү жайгашкан. Табияты жашоого, эс алууга жана айыл чарба тармагы үчүн да жагымдуу. Экологиялык абалы салыштырмалуу канааттандырарлык.<br>Адыгэнин аймагында адамдар төмөнкү палеолит доорунан эле мекендегенин археологиялык табылгалар тастыктайт. Б. з. ч. 7-кылымда меоттор маданиятынын калыптанышы аяктаган. Бул мезгилге таандык көрүстөндөрдөн (Хажох, Уашхиту, Келермес) меот урууларынын скифтердин жүрүштөрүнө катышкандыгын далилдеген арабалар, асем буюмдар арбын табылган. Б. з. ч. 3‑кылымдан башталган ''сарматтардын'' таасири б. з. ч. 1-кылымда өзгөчө күчөгөн. Меот‑сармат мезгилине таандык сепилдери бар шаар калдыктары (Тахтамукаевский, Ассоколайский ж. б.), көрүстөндөр (Чернышевский, Серегинский), бай коргондор (Хатажукай, Кончукохабль ж. б.) белгилүү. 6‑кылымдын аяк ченинен 630‑ж. чейин Адыгэ ''Түрк кагандыг''ы''нын,'' 8–9-кылымда ''Хазар кагандыгынын'' карамагында болгон. 1238–39‑ж. Адыгэ аймагын монголдор каратып алган. 13‑кылымдын 2‑жарымынан 15‑кылымдын 2‑жарымына чейин Адыгэнин маданий‑тарыхый өнүгүүсүнө Кара деңиз жээктериндеги генуэлик шаар‑колониялардын таасири зор болгон. 14–15-кылымда адыгэлердин Түндүк Кавказдын борбордук бөлүгүнө чачырап жайгашуусу башталган. Алар ушундан улам бир нече этностук топторго бөлүнүп, натыйжада кийин кабарда, черкес жана адыгэ элдеринин калыптанышына негиз түзгөн. 16–18-кылымда буларга каршы ''Осмон империясы, Крым хандыгы'' согуш жүргүзүп, адыгдар орус мамлекетинен жардам суроого мажбур болушкан. 1552–57‑ж. Москвага бир нече адыгэ элчилери келип, ушул мезгилден алар Россиянын курамына кошулушкан. 1860‑ж. Кавказ согушунун натыйжасында (1817–64) Осмон империясына караштуу жерлерге адыгэлерди массалык түрдө көчүрүү башталып, Россия империясында алардын 5%ы гана калган. Алар Кубань облусунун аймагында жашаган. 1917–22‑ж. Граждандык согуштун жүрүшүндө адыгэлердин көпчүлүгү Түркия ж‑а Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө жер которушкан. 27. 7. 1922‑ж. БРБАКтын декрети менен Черкес (Адыгэ) Автономия облусу түзүлгөн, ошол эле жылы 24‑августта Адыгэ (Черкес) Автономия облусу, 13. 8. 1928‑ж. Адыгэ Автономия облусу деп аталган. Борбору Краснодар шаары болгон, 1936‑жылдан Майкоп шаары, 1991‑жылдан РСФСРдин курамында Адыгэ Советтик Социалисттик Республикасы, 1992‑жылдан Адыгэ Республикасы деп аталат.<br>Адыгэ Түндүк-Кавказ экономикалык районуна кирет. Россия Федерациясындагы жүзүм шарабын (жылына 2020 миң ''дал,'' 6‑орун), курулуш жыгачтарын (36,8 миң ''м<sup>3</sup>,'' 7‑орун) даярдоо, картон (51,7 миң ''т,'' 99‑орун), кумшекер (49,8 миң ''т,'' 15‑орун), жашылча ширелерин ж‑а жемиш консерваларын өндүрүү боюнча өзгөчөлөнөт. Өнөр жайы негизинен Майкопто жайгашкан. Тамак‑аш (спирт, кант заводдору, кондитер фабрикасы, консерва комбинаты), жыгач даярдоо, жыгаччылык, целлюлоза‑кагаз («Майкопмебель», «Дружба», «Картонтара» ж. б.), машина куруу, металл иштетүү, курулуш материалдар өнөр жайы бар.<br>Дан эгиндери, рапс, күн карама, кант кызылча, тамеки, эфир‑май, жашылча жана бакча өсүмдүктөрү өстүрүлөт. Жүзүмчүлүк, багбанчылык өнүккөн. Малы жайытта багылат. Бодо мал (эт-сүт багытында), чочко, кой, эчки, жылкы асыралат. Үй куштары багылат. Аарычылык да өнүккөн. Өлкөдөгү эң ири диеталык эт даярдоочу (күрп) фабрика (Майкопто) иштейт. Автомобиль жолунун узундугу 1,6 миң ''км'' (асфальтталган), темир жолунуку 200 ''км'' (2008). Майкоп – Усть‑Лабинск, Майкоп – Туапсе, Майкоп – Армавир газ кууру, аэропорт бар.<br>Адыгэде 124 мекеме, 188 жалпы билим берүүчү мектеп, 6 кесиптик‑техникалык окуу жайы, 2 ЖОЖ, 150 китепкана, 28 музей иштейт. 20 гезит басылып чыгарылат. Телекөрсөтүү эки тилде (адыгэ, орус) көрсөтүлөт. Филармония, драма театр бар. Жыл сайын фестивалдар (Майкоп) жана казак‑орус маданиятынын күндөрү өткөрүлүп турат. 1936‑ж. Майкопто орус драма театры, 1937‑ж. Адыгэ колхоз‑совхоз театры уюшулган. 1941‑ж. эки театр биригип, А. С. Пушкин атындагы театрын (облустук драма театрдын курамында) түзгөн. 2000‑жылдан өз алдынча эки театрга Адыгэ драма театры, А. С. Пушкин атындагы орус драма театрына бөлүнгөн. 1936‑жылдан мамлекеттик академиялык «Нальмес» бий ансамбли, 1991‑жылдан «Исламей» мамлекеттик ыр‑бий ансамбли, 1993‑жылдан Камералык музыкалык театр иштейт. 2001‑ж. Россия академия искусство театрынын филиалы ачылган.<br>Ад.: Вопросы истории, адыгейской литературы: В 2 кн. Майкоп, 1979 – 80; Сокровища курганов Адыгей. М., 1985; ''Панеш У. М.'' Типологические связи и формирование художественно‑эстетического единства адыгских литератур. Майкоп, 1990; География Республики Адыгея. 22‑е изд. Майкоп, 2001. | |||
ж. б. Дарыялардын агымын жөнгө салуу иретинде суу сактагычтар (Краснодар, Тщикск, Шапсугск, Октябрь) курулган. Кээ бир дарыяларынын төмөнкү агымында сал агызылат. Кара топурак басымдуу келип, аймагын эмен, бук, граб, зараң, ак чечек ж. б. жазы жалбырактуу токой ээлеп жатат. Жапайы | |||
ийне жалбырактуу токой (көк карагай, карагай, кызыл карагай) | ''Р. Карачалова, А. Орозов.'' | ||
Негизги калкы адыгэлер, | [[Категория:1-Том]] | ||
жерге 57,9 киши. Шаар калкы 53,7%. Шаарлары: Майкоп, Адыгейск. | |||
14–15 | |||
Дан эгиндери, рапс, күн карама, кант кызылча, тамеки, | |||
Ад.: Вопросы истории, адыгейской литературы: В 2 кн. Майкоп, 1979 – 80; Сокровища курганов Адыгей. М., 1985; ''Панеш У. М.'' Типологические связи и формирование | |||
адыгских литератур. Майкоп, 1990; География Республики Адыгея. | |||
08:33, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АДЫГЭ, А д ы г э Р е с п у б л и к а с ы Россия Федерациясынын курамында, Түндүк Кавказда, Лаба жанa Кубань дарыяларынын боюнда жайгашкан. Бардык жагынан Краснодар крайы менен чектешет. Аянты 7,8 миң км2. Калкы 442,8 миң (2009). Борбору – Майкоп шаары. Администрациялык-аймактык жактан 7 районго, 2 шаарга (Майкоп, Адыгейск), 3 шаарчага бөлүнөт.
Мамлекетти башкаруу жанa аткаруу бийлиги президентке таандык. Мыйзам чыгаруучу жогорку органы – мамлекеттик кеңеш. Республиканын хасэси (парламент) 2 палаткадан (Өкүлдөр кеңеши жана республикалык кеңеш) турат. Министрлер кабинети – мамлекеттик бийликтин аткаруу органы. Президент премьер‑министрди мамлекеттик кеңештин макулдугу менен дайындайт.
Республиканын түндүгү Кубань бою түздүгүндө, түштүгү Чоң Кавказдын капталдарында жайгашкан. Жеринин бетинин бийиктиги 3238 мге чейин (Чугуш чокусу). Нефть жана газ (Майкоптун айланасынан), курулуш материалдары, фосфорит (запасы 180 миң т) казылып алынат. Минералдык булактары бар. Климаты мелүүн континенттик, жылуу жана нымдуу. Январдын орточо температурасы –2,4°С, июлдуку 22,2°С. Жылдык жаан‑чачыны 700 мм (эң көбү апрелден декабрга чейин). Аязсыз мезгили 180 күн. Ири дарыялары: Кубань (куймасы Лаба менен), Ак (Фишт шаркыратмасы бар), Чехрак, Фарс, Пшиш, Псекупс ж. б. Дарыялардын агымын жөнгө салуу иретинде суу сактагычтар (Краснодар, Тщикск, Шапсугск, Октябрь) курулган. Кээ бир дарыяларынын төмөнкү агымында сал агызылат. Кара топурак басымдуу келип, аймагын эмен, бук, граб, зараң, ак чечек ж. б. жазы жалбырактуу токой ээлеп жатат. Жапайы мөмө‑жемиш, дары-дармек, эфир‑май өсүмдүктөрү көп. Тоолорунда бийиктеген сайын жазы жалбырактуу жана ийне жалбырактуу токой (көк карагай, карагай, кызыл карагай) менен алмашат. Аймагынын 40%ын токой ээлейт.
Негизги калкы адыгэлер, ошондой эле орус, күрд, татар ж. б. улут өкүлдөрү жашайт. Калкынын жашынын орточо узактыгы эркектериники – 62,6, аялдарыныкы – 75,2 жаш. Орточо жыштыгы 1 км2 жерге 57,9 киши. Шаар калкы 53,7%. Шаарлары: Майкоп, Адыгейск. Адыгэде Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген Кавказ коругунун тоо жак бөлүгү жайгашкан. Табияты жашоого, эс алууга жана айыл чарба тармагы үчүн да жагымдуу. Экологиялык абалы салыштырмалуу канааттандырарлык.
Адыгэнин аймагында адамдар төмөнкү палеолит доорунан эле мекендегенин археологиялык табылгалар тастыктайт. Б. з. ч. 7-кылымда меоттор маданиятынын калыптанышы аяктаган. Бул мезгилге таандык көрүстөндөрдөн (Хажох, Уашхиту, Келермес) меот урууларынын скифтердин жүрүштөрүнө катышкандыгын далилдеген арабалар, асем буюмдар арбын табылган. Б. з. ч. 3‑кылымдан башталган сарматтардын таасири б. з. ч. 1-кылымда өзгөчө күчөгөн. Меот‑сармат мезгилине таандык сепилдери бар шаар калдыктары (Тахтамукаевский, Ассоколайский ж. б.), көрүстөндөр (Чернышевский, Серегинский), бай коргондор (Хатажукай, Кончукохабль ж. б.) белгилүү. 6‑кылымдын аяк ченинен 630‑ж. чейин Адыгэ Түрк кагандыгынын, 8–9-кылымда Хазар кагандыгынын карамагында болгон. 1238–39‑ж. Адыгэ аймагын монголдор каратып алган. 13‑кылымдын 2‑жарымынан 15‑кылымдын 2‑жарымына чейин Адыгэнин маданий‑тарыхый өнүгүүсүнө Кара деңиз жээктериндеги генуэлик шаар‑колониялардын таасири зор болгон. 14–15-кылымда адыгэлердин Түндүк Кавказдын борбордук бөлүгүнө чачырап жайгашуусу башталган. Алар ушундан улам бир нече этностук топторго бөлүнүп, натыйжада кийин кабарда, черкес жана адыгэ элдеринин калыптанышына негиз түзгөн. 16–18-кылымда буларга каршы Осмон империясы, Крым хандыгы согуш жүргүзүп, адыгдар орус мамлекетинен жардам суроого мажбур болушкан. 1552–57‑ж. Москвага бир нече адыгэ элчилери келип, ушул мезгилден алар Россиянын курамына кошулушкан. 1860‑ж. Кавказ согушунун натыйжасында (1817–64) Осмон империясына караштуу жерлерге адыгэлерди массалык түрдө көчүрүү башталып, Россия империясында алардын 5%ы гана калган. Алар Кубань облусунун аймагында жашаган. 1917–22‑ж. Граждандык согуштун жүрүшүндө адыгэлердин көпчүлүгү Түркия ж‑а Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө жер которушкан. 27. 7. 1922‑ж. БРБАКтын декрети менен Черкес (Адыгэ) Автономия облусу түзүлгөн, ошол эле жылы 24‑августта Адыгэ (Черкес) Автономия облусу, 13. 8. 1928‑ж. Адыгэ Автономия облусу деп аталган. Борбору Краснодар шаары болгон, 1936‑жылдан Майкоп шаары, 1991‑жылдан РСФСРдин курамында Адыгэ Советтик Социалисттик Республикасы, 1992‑жылдан Адыгэ Республикасы деп аталат.
Адыгэ Түндүк-Кавказ экономикалык районуна кирет. Россия Федерациясындагы жүзүм шарабын (жылына 2020 миң дал, 6‑орун), курулуш жыгачтарын (36,8 миң м3, 7‑орун) даярдоо, картон (51,7 миң т, 99‑орун), кумшекер (49,8 миң т, 15‑орун), жашылча ширелерин ж‑а жемиш консерваларын өндүрүү боюнча өзгөчөлөнөт. Өнөр жайы негизинен Майкопто жайгашкан. Тамак‑аш (спирт, кант заводдору, кондитер фабрикасы, консерва комбинаты), жыгач даярдоо, жыгаччылык, целлюлоза‑кагаз («Майкопмебель», «Дружба», «Картонтара» ж. б.), машина куруу, металл иштетүү, курулуш материалдар өнөр жайы бар.
Дан эгиндери, рапс, күн карама, кант кызылча, тамеки, эфир‑май, жашылча жана бакча өсүмдүктөрү өстүрүлөт. Жүзүмчүлүк, багбанчылык өнүккөн. Малы жайытта багылат. Бодо мал (эт-сүт багытында), чочко, кой, эчки, жылкы асыралат. Үй куштары багылат. Аарычылык да өнүккөн. Өлкөдөгү эң ири диеталык эт даярдоочу (күрп) фабрика (Майкопто) иштейт. Автомобиль жолунун узундугу 1,6 миң км (асфальтталган), темир жолунуку 200 км (2008). Майкоп – Усть‑Лабинск, Майкоп – Туапсе, Майкоп – Армавир газ кууру, аэропорт бар.
Адыгэде 124 мекеме, 188 жалпы билим берүүчү мектеп, 6 кесиптик‑техникалык окуу жайы, 2 ЖОЖ, 150 китепкана, 28 музей иштейт. 20 гезит басылып чыгарылат. Телекөрсөтүү эки тилде (адыгэ, орус) көрсөтүлөт. Филармония, драма театр бар. Жыл сайын фестивалдар (Майкоп) жана казак‑орус маданиятынын күндөрү өткөрүлүп турат. 1936‑ж. Майкопто орус драма театры, 1937‑ж. Адыгэ колхоз‑совхоз театры уюшулган. 1941‑ж. эки театр биригип, А. С. Пушкин атындагы театрын (облустук драма театрдын курамында) түзгөн. 2000‑жылдан өз алдынча эки театрга Адыгэ драма театры, А. С. Пушкин атындагы орус драма театрына бөлүнгөн. 1936‑жылдан мамлекеттик академиялык «Нальмес» бий ансамбли, 1991‑жылдан «Исламей» мамлекеттик ыр‑бий ансамбли, 1993‑жылдан Камералык музыкалык театр иштейт. 2001‑ж. Россия академия искусство театрынын филиалы ачылган.
Ад.: Вопросы истории, адыгейской литературы: В 2 кн. Майкоп, 1979 – 80; Сокровища курганов Адыгей. М., 1985; Панеш У. М. Типологические связи и формирование художественно‑эстетического единства адыгских литератур. Майкоп, 1990; География Республики Адыгея. 22‑е изд. Майкоп, 2001.
Р. Карачалова, А. Орозов.