«АК-СУУ (ГРИГОРЬЕВКА) ЖАРЫМ АРАЛЫ» менен «АНДРЕЙ РУБЛЁВ» барактарынын ортосундагы айырма

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
(Барактардын ортосундагы айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
imported>Adina
No edit summary
 
imported>Temirkan
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
'''АК-СУУ (ГРИГОРЬЕВКА) ЖАРЫМ АРАЛЫ''' Ысык-Көлдүн түндүк  жээгинин орто бөлүгүндө жайгашкан. Көлгө 5 ''км'' кирип турат. Негизи 26 ''км''ге созулган (Корумду ‒ Ананьев сызыгы боюнча) трапецияны элестетет. Жээк сызыгынын узундугу  21,9 км. Көп бөлүгү Чоӊ Ак-Суу, Ак-Суу, Тегирменти, Карачач сууларынын шиленди конустарынан түзүлгөн жантайыӊкы аккумуляциялык-пролювий түздүгү. Орто бөлүгүн Чоӊ Ак-Суу, Ак-Суунун тереӊ сайлары (туурасы 0,3‒1,5 км) ээлейт. Голоцендик тектирлердин жазылыгы 0,4‒1,8 ''км''; чыгышы Чоӊ Ак-Суу колтугуна чейин саздак, кум жалчаларынан турат; батышы таштак. Чоӊ Ак-Суу колтугунун төр жагы кум жайылып, тайыздап бараткандыктан, ал кеме токтоочу жай катары маанисин жоготууда. Анын жээгинде Григорьевка кеме турагы, кыштак, балык комбинаты, күйүүчү-майлоочу май базасы жайгашкан. <br>
'''АНДРЕЙ РУБЛЁВ''' (1370-ж. чен – 1430-ж. чен, Москва, Андроников монастыры) – байыркы орус живописчиси, Москва живопись мектебин негиздөөчү. А. Рублёвдун көз карашынын калыптанышына 14-кылымдын 2-жарымы – 15-кылымдын башындагы Москва Русунун улуттук моралы, рухий байлыгы чоң таасир тийгизген. Анын орто кылымдык иконография алкагындагы чыгармалары [«Апостол Павел», «Архангел Михаил» (экөө тең 14-15-к., Третьяков гал.) ж. б.] адамдын сулуулук дүйнөсүнө ынтызарлыгы м-н адеп-ахлагынын күчүн көргөзгөн. А. Рублёвдун чыгармалары тарыхый маалыматтарга караганда аз сакталган: Владимирдеги Успен соборунда ж-а Троица соборундагы Троице-Сергий лаврасында А. Рублёв өзүнүн атактуу шедеври «Үч периште» (Третьяков гал.) иконасын жараткан (1412- же 1427-ж. чен). «Үч периштенин» стили 15-кылымдын жарымындагы византиялык живописке окшош; жыгач чиркөөдөгү болжол м-н 1410-ж. «Үч периштенин» башкача иконасы болгон жарымында (азыркы убакта Сергий Посад музейинде сакталып турат). Тегерек композициясы периштелердин ортосундагы өз ара таттуулук көгүш, күрөң, саргыч, кызгылт түстөрдүн байланышы м-н толукталган. А. Рублёвдун чыгармалары маалыматтар б-ча толугу м-н бизге жеткен жок. Болжол м-н анын окуучуларына, артелдин мүчөлөрүнө: Даниил м-н А. Рублёвго таандык болгон. Москва Кремлиндеги (1405) Благовещен соборунда фрескалар кайра курулган убакта (1416) жоголгон, 1547-ж. өрттөнүп кеткен. А. Рублёв көпчүлүк чыгармаларын шериктери м-н бирдикте иштеген, ошондуктан анын чыгармаларын коллективдүү ансамблден бөлүп кароо проблемасы бар. Владимирдеги Успен соборунда сакталган фрескалардан айрыкча А. Рублёв м-н Даниилдин иштери өзгөчө айырмаланып турат. Мында «Коркунучтуу сот» аттуу эң чоң композициясынан калган калдыктар бар. «Коркунучтуу сот» композициясын эки чебер живописчи: нефтин борбордук сводунун батыш бөлүгүн А. Рублёв, ал эми түш. нефтегисин Даниил жазган деп болжолдошот. А. Рублёвдун искусствосу 15-кылымдагы орустун живопись мектебин өркүндөткөн. 1947-ж. Андронников монастырында Андрей Рублёв атындагы Байыркы орус искусствосунун музейи ачылган. А. Рублёвду эскерүү 6(19) июлда; Радонеж касиеттүүлөрү соборунда 4(17) июлда өткөрүлүп турат. А.Оморова.<br>

03:43, 25 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 -деги абалы

АНДРЕЙ РУБЛЁВ (1370-ж. чен – 1430-ж. чен, Москва, Андроников монастыры) – байыркы орус живописчиси, Москва живопись мектебин негиздөөчү. А. Рублёвдун көз карашынын калыптанышына 14-кылымдын 2-жарымы – 15-кылымдын башындагы Москва Русунун улуттук моралы, рухий байлыгы чоң таасир тийгизген. Анын орто кылымдык иконография алкагындагы чыгармалары [«Апостол Павел», «Архангел Михаил» (экөө тең 14-15-к., Третьяков гал.) ж. б.] адамдын сулуулук дүйнөсүнө ынтызарлыгы м-н адеп-ахлагынын күчүн көргөзгөн. А. Рублёвдун чыгармалары тарыхый маалыматтарга караганда аз сакталган: Владимирдеги Успен соборунда ж-а Троица соборундагы Троице-Сергий лаврасында А. Рублёв өзүнүн атактуу шедеври «Үч периште» (Третьяков гал.) иконасын жараткан (1412- же 1427-ж. чен). «Үч периштенин» стили 15-кылымдын жарымындагы византиялык живописке окшош; жыгач чиркөөдөгү болжол м-н 1410-ж. «Үч периштенин» башкача иконасы болгон жарымында (азыркы убакта Сергий Посад музейинде сакталып турат). Тегерек композициясы периштелердин ортосундагы өз ара таттуулук көгүш, күрөң, саргыч, кызгылт түстөрдүн байланышы м-н толукталган. А. Рублёвдун чыгармалары маалыматтар б-ча толугу м-н бизге жеткен жок. Болжол м-н анын окуучуларына, артелдин мүчөлөрүнө: Даниил м-н А. Рублёвго таандык болгон. Москва Кремлиндеги (1405) Благовещен соборунда фрескалар кайра курулган убакта (1416) жоголгон, 1547-ж. өрттөнүп кеткен. А. Рублёв көпчүлүк чыгармаларын шериктери м-н бирдикте иштеген, ошондуктан анын чыгармаларын коллективдүү ансамблден бөлүп кароо проблемасы бар. Владимирдеги Успен соборунда сакталган фрескалардан айрыкча А. Рублёв м-н Даниилдин иштери өзгөчө айырмаланып турат. Мында «Коркунучтуу сот» аттуу эң чоң композициясынан калган калдыктар бар. «Коркунучтуу сот» композициясын эки чебер живописчи: нефтин борбордук сводунун батыш бөлүгүн А. Рублёв, ал эми түш. нефтегисин Даниил жазган деп болжолдошот. А. Рублёвдун искусствосу 15-кылымдагы орустун живопись мектебин өркүндөткөн. 1947-ж. Андронников монастырында Андрей Рублёв атындагы Байыркы орус искусствосунун музейи ачылган. А. Рублёвду эскерүү 6(19) июлда; Радонеж касиеттүүлөрү соборунда 4(17) июлда өткөрүлүп турат. А.Оморова.