Difference between revisions of "АХМАТОВА Анна Андреевна"
Jump to navigation
Jump to search
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
01:07, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 -деги абалы
нна Андреевна (өз фамилиясы ‒ Горенко) [11(23). 6.1889, Одессага жакын, Большой Фонтан ‒ 5. 3.1966, Домодедово, сөөгү Ленинград обл., Комарово айылына коюлган) ‒ орус акыны. Балалык чагы Царское кыш-да өткөн. Киевде гимназияда (1907), ошол эле жерден
Аялдардын жогорку курсунун юрид. бөлүмүндө (1908‒10) окуган. Бала чагында эле ыр жазган. А-нын алгачкы чыг-лыгы акмеизм м-н байланыштуу. Улуу Ата Мекендик согуш учурунда патриоттук ырларын («Ант», «Баатырдык» ж. б.) жазган. «Тынчтыкка даӊк» ырлар цикли (1950), «Каармансыз поэма» (1940‒62) жарыяланган. «Мезгил агымы» жыйнагы (1965) үчүн Италиянын Энта-Таормин адабий сыйл. берилген. А-нын ырлары англис, немец, француз, италиян, япон, поляк, чех ж. б. тилдерге которулган. Анын поэзиясына күчтүү психологизм, тарыхка көбүрөөк көӊүл буруу, классикалык поэзиянын үлгүсүндө жазуу мүнөздүү. «Мезгил агымы» аттуу автобиографиялык жыйнагына (1909‒65) анын акындык талантын көрсөткөн негизги ырлары топтолгон.