Difference between revisions of "АГЛОМЕРАЦИЯ"
м (1 revision imported) |
м (→top: категория кошуу) |

(6 intermediate revisions by 5 users not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АГЛОМЕРАЦИЯ''' (лат. аgglomerare ‒ бириктирүү, чогултуу) м е т а л л у р г и я д а ‒ эритүү үчүн зарыл формага жана касиетке (химиялык курамына жана структурасына) келтирүү максатында кызытып бириктирүү жолу менен майда материалдарды (кен ташты, металл аралаш кен таш концентраттарын) ирилештирүүчү термиялык процесс. Термин 1887-жылы Ф. Геберлейн жана Т. Хантингтон (Улуу Британия) тарабынан сунушталган. Жогорку температурада (1150°С) кен таштын сырткы беттери бир аз жумшарып, бири бирине жабышып калат же беттериндеги жеӊил эрүүчү бирикмелер эрип, кен таш муздаганда бөлүкчөлөрдү чапташтырат. Кызытып бириктирүү үчүн зарыл жылуулук Агломерациялануучу материалга кошулган көмүртектүү отундун күйүүсүнөн же күкүрттүү кенташ концентраты Агломерацияланганда андагы сульфиддин кычкылданышынан бөлүнүп чыгат. Негизги баштапкы материалдары: майда күкүм түрүндөгү кенташ жана анын концентраты, 3 ''мм''ге чейинки кокс жана антрацит күкүмдөрү, боксит. Алынуучу өнүм (продукт) ‒ ''агломерат. ''Мунун 95%тен көбүрөөгү кара металлургияда алюминий, никель жана коргошун өндүрүшүндө колдонулат. Агломерация процессинде негизги жумушту Агломерациялык үзгүлтүксүз жылып туруучу тасмалуу машина аткарат. Бул машиналар өндүрүштө 1 жылда 2‒3 млн ''т'' агломератты өндүрөт. Агломерациялык өндүрүш негизинен бардык катуу калдыктарды кайрадан иштете алат, бирок өндүрүштөн чыккан заттар (көмүртектин оксиди, күкүрт диоксиди, катуу бөлүкчөлөр ж.б.) атменены булгоочу булактардын бири болуп эсептелинет. | |||
Ад.: ''Базилевич С. В., Вегман Е. Ф.'' Агломерация. М., 1967; ''Коротич В. И., Фролов Ю. А. Бездежский Г. Н''. Агломерация рудных материалов. Екатеринбург, 2003. | |||
Ад.: ''Базилевич С. В., Вегман Е. Ф.'' Агломерация. М., 1967; ''Коротич В. И., Фролов Ю. А. Бездежский Г. Н''. Агломерация рудных материалов. Екатеринбург, 2003. | [[Категория:1-Том]] | ||
08:21, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АГЛОМЕРАЦИЯ (лат. аgglomerare ‒ бириктирүү, чогултуу) м е т а л л у р г и я д а ‒ эритүү үчүн зарыл формага жана касиетке (химиялык курамына жана структурасына) келтирүү максатында кызытып бириктирүү жолу менен майда материалдарды (кен ташты, металл аралаш кен таш концентраттарын) ирилештирүүчү термиялык процесс. Термин 1887-жылы Ф. Геберлейн жана Т. Хантингтон (Улуу Британия) тарабынан сунушталган. Жогорку температурада (1150°С) кен таштын сырткы беттери бир аз жумшарып, бири бирине жабышып калат же беттериндеги жеӊил эрүүчү бирикмелер эрип, кен таш муздаганда бөлүкчөлөрдү чапташтырат. Кызытып бириктирүү үчүн зарыл жылуулук Агломерациялануучу материалга кошулган көмүртектүү отундун күйүүсүнөн же күкүрттүү кенташ концентраты Агломерацияланганда андагы сульфиддин кычкылданышынан бөлүнүп чыгат. Негизги баштапкы материалдары: майда күкүм түрүндөгү кенташ жана анын концентраты, 3 ммге чейинки кокс жана антрацит күкүмдөрү, боксит. Алынуучу өнүм (продукт) ‒ агломерат. Мунун 95%тен көбүрөөгү кара металлургияда алюминий, никель жана коргошун өндүрүшүндө колдонулат. Агломерация процессинде негизги жумушту Агломерациялык үзгүлтүксүз жылып туруучу тасмалуу машина аткарат. Бул машиналар өндүрүштө 1 жылда 2‒3 млн т агломератты өндүрөт. Агломерациялык өндүрүш негизинен бардык катуу калдыктарды кайрадан иштете алат, бирок өндүрүштөн чыккан заттар (көмүртектин оксиди, күкүрт диоксиди, катуу бөлүкчөлөр ж.б.) атменены булгоочу булактардын бири болуп эсептелинет.
Ад.: Базилевич С. В., Вегман Е. Ф. Агломерация. М., 1967; Коротич В. И., Фролов Ю. А. Бездежский Г. Н. Агломерация рудных материалов. Екатеринбург, 2003.