Difference between revisions of "АВРЕЛИЙ Марк"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: категория кошуу)
 
(One intermediate revision by one other user not shown)
1 -сап: 1 -сап:
'''АВРЕЛИЙ''' Марк (26. 4. 121, Рим –17. 3. 180, Виндобона, азыркы Вена) – 161-жылдан Рим императору, философ, стоицизм өкүлү. Претор Анний Вердин уулу, Анто­нин Пийдин асыранды баласы. Римде импера­тор Адрианга жакын чөйрөдө чоңойгон. Ички саясатында бюрократтык аппаратты ж-а мыйзам чыгарууну тартипке келтирүүгө умтулган. 162–166-жылдары  парфиялыктарга каршы жүргүзгөн согушу Арменияда протекторатын калыбына келтирүү жана Месопотамияны басып алуу менн аяктайт. 166–180-жылдары  Дунай боюндагы провинцияларга кирип келген германдыктар менен сарматтарга каршы согуш (Маркоманн согушу) жүргүзөт. Тынымсыз согуштар империяны начарлатып, элдин жакырданышына, эпидемиялардын күч алышына алып келген. Стоиктер мектебинин жактоочусу катары таанылган Аврелий «Өзүм менен өзүм» аттуу философиялык чыгармасында адамдагы моралдык сапаттарды өөрчүтүүгө умтулуп, ал эми саясий түзүлүштү өркүндөтүү мүмкүн эместигин белгилеген.
'''АВРЕЛИЙ''' Марк (26. 4. 121, Рим –17. 3. 180, Виндобона, азыркы Вена) – 161-жылдан Рим императору, философ, стоицизм өкүлү. Претор Анний Вердин уулу, Анто­нин Пийдин асыранды баласы. Римде импера­тор Адрианга жакын чөйрөдө чоңойгон. Ички саясатында бюрократтык аппаратты ж-а мыйзам чыгарууну тартипке келтирүүгө умтулган. 162–166-жылдары  парфиялыктарга каршы жүргүзгөн согушу Арменияда протекторатын калыбына келтирүү жана Месопотамияны басып алуу менен аяктайт. 166–180-жылдары  Дунай боюндагы провинцияларга кирип келген германдыктар менен сарматтарга каршы согуш (Маркоманн согушу) жүргүзөт. Тынымсыз согуштар империяны начарлатып, элдин жакырданышына, эпидемиялардын күч алышына алып келген. Стоиктер мектебинин жактоочусу катары таанылган Аврелий «Өзүм менен өзүм» аттуу философиялык чыгармасында адамдагы моралдык сапаттарды өөрчүтүүгө умтулуп, ал эми саясий түзүлүштү өркүндөтүү мүмкүн эместигин белгилеген.
[[Категория:1-Том]]

08:12, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АВРЕЛИЙ Марк (26. 4. 121, Рим –17. 3. 180, Виндобона, азыркы Вена) – 161-жылдан Рим императору, философ, стоицизм өкүлү. Претор Анний Вердин уулу, Анто­нин Пийдин асыранды баласы. Римде импера­тор Адрианга жакын чөйрөдө чоңойгон. Ички саясатында бюрократтык аппаратты ж-а мыйзам чыгарууну тартипке келтирүүгө умтулган. 162–166-жылдары парфиялыктарга каршы жүргүзгөн согушу Арменияда протекторатын калыбына келтирүү жана Месопотамияны басып алуу менен аяктайт. 166–180-жылдары Дунай боюндагы провинцияларга кирип келген германдыктар менен сарматтарга каршы согуш (Маркоманн согушу) жүргүзөт. Тынымсыз согуштар империяны начарлатып, элдин жакырданышына, эпидемиялардын күч алышына алып келген. Стоиктер мектебинин жактоочусу катары таанылган Аврелий «Өзүм менен өзүм» аттуу философиялык чыгармасында адамдагы моралдык сапаттарды өөрчүтүүгө умтулуп, ал эми саясий түзүлүштү өркүндөтүү мүмкүн эместигин белгилеген.