Difference between revisions of "АВРЕЛИЙ Марк"
м (Kerimova-59 moved page Аврелий Марк to АВРЕЛИЙ Марк) |
м (→top: категория кошуу) |
||
(2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АВРЕЛИЙ''' Марк (26. 4. 121, Рим –17. 3. 180, Виндобона, азыркы Вена) – 161-жылдан Рим императору, философ, стоицизм өкүлү. Претор Анний Вердин уулу, Антонин Пийдин асыранды баласы. Римде император Адрианга жакын чөйрөдө чоңойгон. Ички саясатында бюрократтык аппаратты ж-а мыйзам чыгарууну тартипке келтирүүгө умтулган. 162–166- | '''АВРЕЛИЙ''' Марк (26. 4. 121, Рим –17. 3. 180, Виндобона, азыркы Вена) – 161-жылдан Рим императору, философ, стоицизм өкүлү. Претор Анний Вердин уулу, Антонин Пийдин асыранды баласы. Римде император Адрианга жакын чөйрөдө чоңойгон. Ички саясатында бюрократтык аппаратты ж-а мыйзам чыгарууну тартипке келтирүүгө умтулган. 162–166-жылдары парфиялыктарга каршы жүргүзгөн согушу Арменияда протекторатын калыбына келтирүү жана Месопотамияны басып алуу менен аяктайт. 166–180-жылдары Дунай боюндагы провинцияларга кирип келген германдыктар менен сарматтарга каршы согуш (Маркоманн согушу) жүргүзөт. Тынымсыз согуштар империяны начарлатып, элдин жакырданышына, эпидемиялардын күч алышына алып келген. Стоиктер мектебинин жактоочусу катары таанылган Аврелий «Өзүм менен өзүм» аттуу философиялык чыгармасында адамдагы моралдык сапаттарды өөрчүтүүгө умтулуп, ал эми саясий түзүлүштү өркүндөтүү мүмкүн эместигин белгилеген. | ||
[[Категория:1-Том]] |
08:12, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АВРЕЛИЙ Марк (26. 4. 121, Рим –17. 3. 180, Виндобона, азыркы Вена) – 161-жылдан Рим императору, философ, стоицизм өкүлү. Претор Анний Вердин уулу, Антонин Пийдин асыранды баласы. Римде император Адрианга жакын чөйрөдө чоңойгон. Ички саясатында бюрократтык аппаратты ж-а мыйзам чыгарууну тартипке келтирүүгө умтулган. 162–166-жылдары парфиялыктарга каршы жүргүзгөн согушу Арменияда протекторатын калыбына келтирүү жана Месопотамияны басып алуу менен аяктайт. 166–180-жылдары Дунай боюндагы провинцияларга кирип келген германдыктар менен сарматтарга каршы согуш (Маркоманн согушу) жүргүзөт. Тынымсыз согуштар империяны начарлатып, элдин жакырданышына, эпидемиялардын күч алышына алып келген. Стоиктер мектебинин жактоочусу катары таанылган Аврелий «Өзүм менен өзүм» аттуу философиялык чыгармасында адамдагы моралдык сапаттарды өөрчүтүүгө умтулуп, ал эми саясий түзүлүштү өркүндөтүү мүмкүн эместигин белгилеген.