Difference between revisions of "АФФИНАЖ"
Jump to navigation
Jump to search
м (1 версия) |
556-684>KadyrM |
(Айырма жок)
|
14:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 -деги абалы
(фр. affinage ‒ тазалоо) ‒ түрдүү кошундулардан арылтып, өтө таза асыл металл алуунун бир түрү. А. ыкмасы электролиздик, нымдуу ж-а кургак болуп бөлүнөт. Электролиз дик жол м-н алынуучу металл катодго чогултулат да, кошундулар калдык түрүндө бөлүнүп чыгат. Ушундай жол м-н алынган алтындын пробасы 999,9дан төмөн болбойт. Нымдуу А. ыкмасы платина, палладий, иридий, радий сыяктуу сейрек учуроочу асыл металлдарды алууда пайдаланылат. Мында кенташтагы металлдар азот, туз к-таларынын эритмесинде эритилип, ар түрдүү реагенттердин (хлордуу аммоний, аммиак, кант) жардамы м-н эритмеден бөлүнүп алынат. Кургак А. ыкмасын колдонгондо жогорку темп-рада эритилген кенташта гы металлдар хлор аркылуу өткөрүлөт.