Difference between revisions of "АУРАНГАБАД"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
556-684>KadyrM
(Айырма жок)

14:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 -деги абалы

‒ Индиянын борб. бөлүгүндөгү шаар. Махараштра штатында. Калкы 1,2 млн (2011). Декан бөксө тоосунун түн.-батышында жайгашкан. Алгач Кхирхи (санскритче ‒ «терезе») аталып, 1610-ж. негизделген. Азыркыча Улуу Моголдордун акыркы императору Аурангзебдин урматына аталган. 17-к-дын архит. эстеликтери (а. и. Биби-ка-Макбара мавзолейи, Шах-Ганж мечити) сакталган. Шаарга жакын Аурангзебдин күмбөзү жайгашкан. Кебез ж-а жибек кездемени кол м-н токуучу өндүрүшү бар. Туристтик борбор. Ажанте ж-а Эллор храмдарына маршруттар А-дан башталат.

Р. Карачалова.