Difference between revisions of "АТ ТОКУУ"
Jump to navigation
Jump to search
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
01:07, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 -деги абалы
‒ сапарга, аӊчылыкка чыгууга, көчүүгө ж. б. иштер үчүн унааны минүүгө даярдоо. Ат сол жагынан токулат. Адегенде аттын жонуна ичмек, анан тердик, айрым учурда (аш-
тойлордо, салтанаттарда) ат жабуу жабылат. Желдик (каптырга), о. эле куюшканы салынып, каптырганын үстүнө ээр токулат. Ээр аттын жонуна ички басмайыл м-н тартылып бекитилет. Ээрдин чарасына көрпөчө салынат. Көрпөчөнүн үстүнөн сырткы басмайыл, омуроосуна көмөлдүрүк тартылат.
