Difference between revisions of "Тармактык Энциклопедия:АСТРОГРАФ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
MMEE_>KadyrM
(Айырма жок)

17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 -деги абалы

– асман жарык чыгаруучуларын сүрөткө тартып алууга ылайыкталган телескоп. Анын негизги мүнөздөмөсү – фотопластинкага түшкөн жарык күчү м-н сүрөттөлүштүн өлчөмүн аныктоочу объективдин диаметри ж-а фокус аралыгы. Асмандын чоң бөлүгүндөгү жылдыздар, метеорлор, кометалар, кичине планеталар ж-а жасалма жандоочуларды тартып алууда объективинин фокус аралыгы 1 мден ашпаган, жогорку тактыктагы астрон. өлчөөлөрдү жүргүзүүдө объективинин фокус аралыгы 10–15 мден кем эмес А-тар пайдаланылат. Дүйнөнүн көпчүлүк обсерваториялары фокус аралыгы 3,4 млүү кадимки А. м-н жабдылган.


АСТРОГРАФ2.jpg


www.gisaoinform.narod.ru