Difference between revisions of "Тармактык Энциклопедия:ААЛАМ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
MMEE_>KadyrM
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

12:59, 20 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 -га соңку версиясы

– мейкиндик ж-а убакыт жагынан чектелбеген, дайыма өнүгүп турган материялык дүйнө. А. ж-дө сөз болгондо бизди курчап турган дүйнө – асман телолорун, алардын системаларын, космостук мейкиндиктерди ж-а алардын ичине толгон газды, электр-магниттик толкундарды түшүнөбүз. Жордано Бруно 16-к-дын аягында А. чексиз, жылдыздар м-н планеталар Күндүн тегерегинде айланат, алардын көпчүлүгүндө тиричиликтин болушу мүмкүн, А. ушулар м-н толтурулган деп туура элестеткен. 
19-к-да күн системасын ичине алган өтө ири жылдыздар системасы – Галактика ачылган. Өзгөчө 20-к-дын экинчи жарымында кубаттуу телескоптордун пайда болушу, радиоастрономиянын өнүгүшү, адамзаттын космос мейкиндигине чыгышы А. ж-дөгү илимдин дүркүрөп өсүшүнө алып келди.

Азыр илимпоздор бардык асман телолорунун эволюциясын ж-а алардын системаларын – айрым жылдыздардан ж-а планеталардан бүтүндөй А-га чейинки толук элестөөлөрдү билишет.