Difference between revisions of "АЛЫМКУЛОВ Добулбек"
м (→top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (4)) |
м (Dilde moved page АЛЫМКУЛОВ 1 to АЛЫМКУЛОВ Добулбек) |
(Айырма жок)
|
15:09, 14 Июль (Теке) 2023 -деги абалы
АЛЫМКУЛОВ Добулбек (25. 5. 1930-ж. т., Чүй обл., Сокулук р-ну, Төш-Булак айылы) – патофизиолог, медицина илимд. доктору (1973), проф. (1984). КРдин илимге эмг. сиң. ишмери (1989). КММИни бүтүргөн (1955). КММИде ассистент, кафедра башчысы, Кыргыз акушерлик жана педиатрия ИИИунда бөлүм башчы, Курортология ж-a физиотерапия ИИИнин директору (1975–84), Кыргыз ССР ИАнын Бийик-тоо физиологиясы ж-a эксперименттик патология ин-тунун директору (1984–86). 2001-жылдан КРСУнун проф. Кыргыз курортология жана калыбына келтирүү ИИИнин директору (1991–96). 2003-жылдан КММАда кафедра башчы. Ил. эмг. балдардын ден соолугун чыңдоо, жаратылыш факторлорунун организмге тийгизген таасирин жана табияттын дарылык касиетин изилдөөгө арналган. Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган. Эмг.: Резистентность детского организма в горных условиях (в соавторстве). Ф., 1983; Биологические и медицинские аспекты использования природных ресурсов в Исык-Кульско-Чуйском районе (в соавторстве) Ф., 1988; Кыргыз жергеси ден соолуктун булагы. Б., 1992.