Difference between revisions of "АЛМА КҮБӨСҮ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
228-323>KadyrM
(Айырма жок)

18:05, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 -деги абалы

‒ какач канаттуулар түркүмүндөгү көпөлөк; алма зыянкечи. Өӊү ак, канатын жайганда уз. 18‒22 мм, алдынкы канатында үч катар кара тагы бар, арткысы ак, кээсиники куба. Ысык-Көл, Чүй, Талас өрөөндөрүндө ж-а түштүктө жаӊгак-жемиш токойлорун да кездешет. Көпөлөк Кырг-ндын түштүгүндө майдын ортосунда, түндүгүндө ж-а тоо этектеринде июндун башында күн батканда учат. Ургаачысы алманын жаш бутагынын кабыгына жумуртка (20‒90) таштап, кабыкчага айлануу чу былжырлар м-н жабат. Жумуртканын эмбриондук өсүшү 1‒2 жумада бүтүп, малагы кабык коӊулдарында кыштайт. Жазында куурчакчага айланып, эки жумадан кийин көпөлөк учуп чыгат. Каршы күрөшүү чаралары: жаз алды м-н уу химикаттарды (0,2 %түү хлорофос ж-а физалон) чачуу.