Difference between revisions of "АЛКАЛОИДДҮҮ ӨСҮМДҮКТӨР"
Jump to navigation
Jump to search
228-323>KadyrM |
(Айырма жок)
|
18:05, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 -деги абалы
‒ курамында азоттуу орг. бирикмелер бар өсүмдүкт өр. Алкалоид алгач 1806-ж. апийимден бөлүнүп алынган. Аларга меӊдубана, чай, чекенде, тамеки, чанактуулар, байчечекейлер, шакардуулар ж.б. кирет. Дүйнөдө миӊден ашык өсүмдүкт өн алкалоид табылган. Адатта бир эле өсүмдүкт ө бир нече алкалоиддер болушу мүмкүн. Мис., апийим сүтүндө 20дан ашык алкалоид кездешет. А. ө. көбүнчө ысык жерлерде таралган. Алкалоиддер өсүмдүк клеткаларында башка заттардай эле хим. реакцияларга катышат. Мис., бышып келе жаткан тамеки уругунда белоктун топтолушу м-н катар никотиндин бара-бара жоюлушу байкалат. Курамында алкалоид көп өсүмдүкт өр малды уулантып, өлүмгө дуушар кылат. Картошка сабагындагы же көгөргөн түймөгүнд өгү алкалоид соланин канды гемолизге алып келиши мүмкүн. А. ө. негизинен дары-дармек жасоо үчүн колдонулат.
И. С. Содомбеков.