Difference between revisions of "АЛЕКСАНДР I"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
228-323>KadyrM
(Айырма жок)

18:05, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 -деги абалы

(12. 12. 1777, Санкт-Петербург ‒ 19. 11. 1825, Таганрог) ‒ Россиянын императору (1801‒25). Павел Iнин тун уулу. Бийликке

келген алгачкы жылдары кеӊешчиси М. М. Сперанский ж-а Жашыруун комитет тарабынан иштелип чыккан либералдык реформаларды (министрликтер түзүлгөн, Мамл. совет уюштурулуп, Харьков, Казан ун-ттери ачылган) ишке ашырган. 1812-ж. орус-француз согушунун башталышында аракеттеги армияда болуп, кол башчы боло албагандыктан, коомчулуктун кысымы м-н М. И. Кутузов башкы командачылыкка дайындалган. Бул согушта орустардын жеӊишке жетишкендигине байланыштуу, 1813‒14-ж. А. I Европадагы мамлекеттердин антифранцуздук коалициясына башчылык кылат. 1814‒15-ж. Вена конгрессин жетектеген ж-а Ыйык Союздун жетекчилеринин бири болгон. А. Iнин тушунда Россиянын курамына Чыгыш Грузия, Финляндия, Бессарабия, Азербайжан аймактары кошулган. Ошол мезгилде Кырг-ндын Ысык-Көл кылаасын жердеген бугу уруусу россиялык бийлик м-н элчилик байланыш түзүүгө аракет жасап, 1-ирет өзүлөрүнүн өкүлдөрү Шералы бийдин уулу Качыбекти, Жакыпбек Ниязбек уулун 1813‒14-ж., 2-ирет 1824‒25-ж. Акымбек Олжобай уулун, Алымбек Жапалак уулун, Алгазы Шералы уулун Россияга жиберишкен. Аларды Кытай м-н соодага ынтызар орус бийлик төбөлдөрү жылуу маанайда кабыл алган. Бирок, элчилердин Петербургга баруу ж-а императорго жолугуу өтүнүчү канааттандырылган эмес. А. Iнин бийлигинин соӊку жылдарында крепостнойлук укукту жоюу ж-дө долбоор иштелип чыккан, бирок ал Александр IIнин тушунда 1861-ж. гана ишке ашкан. А. I Таганрогдо күтүүсүздөн көз жумган, бирок эл арасында ал Сибирге жашырын барып, кечил болуп кеткен деген имиш сөздөр тараган.