Difference between revisions of "АЙТБАЕВ Базылбек"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: clean up, replaced: м‑н → <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span>)
(Айырма жок)

15:05, 12 Январь (Үчтүн айы) 2023 -деги абалы

АЙТБАЕВ Базылбек (1926, Талас обл., Бакай­Ата р‑ну, Бейшеке кыш. – 1986, ошол эле жер­де) – малчы, Соц. Эмг. Баатыры (1973). Эмгек

АЙТБАЕВ 13.png

жолун 1942‑ж. Талас обл­-нун Ленинполь р‑нундагы «Бейшеке» колхозунда ка­тардагы колхозчу болуп иштөөдөн баштаган. 1957-­жылдан баш чабан. Ал кой чарбасын өнүктүрүүдө мык­ты ийгиликтерге жетишип, 1972-ж. ар жүз тубар койдон 161ден козу, ар койдон 5,2 кг жүн; 1973‑ж. 163төн козу, 5,3 кг жүн кыркып алууга жетишкен. 1974‑79‑ж. СССР Жогорку Совети­нин, 1967‑75‑ж. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты. СССР мамл. сыйл. лауреаты (1977). Эки Ленин ж. б. ордендер менен сыйланган.