Difference between revisions of "АТАКУЛОВА Мерим Абдыкеримовна"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
(Айырма жок)

16:16, 7 Декабрь (Бештин айы) 2022 -деги абалы

АТАКУЛОВА Мерим Абдыкеримовна (24. 4. 1971-ж. т., Ош обл., Өзгөн р-ну, Ильичевка айылы) – филолог, филология илимдеринин доктору, проф. (2011), РФнын Табият таануу академиясынын академиги. Ош педагогикалык окуу жайынын «Башталгыч класстын мугалими» адистигин (1990), ОшМУнун Славян-герман филологиясы факультетинин орус тили жана адабияты адистигин бүтүргөн (1995). ОшТУда орус тил б-ча окутуучу, улук окутуучу, доцент, орус тили ж-а кыргыз тили б-ча кафедра башчысы (2005–2012), Илим жана сырткы байланыштар бөлүмүнүн башчысы болгон (2013). 2013-жылдан магистратура бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенүүдө. 100дөн ашык илимий эмгектин автору. Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак грамотасы ж-а бир нече мадалдар м-н сыйланган. Эмг.: Эгоцентризм как категориальное значение лично-местоименной парадигмы в языке (на материале тюркских языков). Б., 2008; Инвариантное в прономинальной парадигме языка. Б., 2010; ж. б.