Difference between revisions of "АЛЕКСАНДРОВ Павел Сергеевич"
м (→top: clean up, replaced: м-н → менен (3), ж-а → жана (3)) |

1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АЛЕСАНДРОВ''' Павел Сергеевич [25.4 (7.5) 1896, Богородск шаарчасы, азыркы Ногинск, Москва обл. ‒ 16. 11. 1982, Москва] ‒ орус математиги, СССР ИАнын академиги (1953), сов. топологиялык мектептин негиздөөчүсү, Соц. Эмг. Баатыры (1969). Москва ун-тин бүтүргөн (1917), ошол эле жерде иштеген (1929-жылдан проф.). Негизги ил.-изилдөөлөрүн топологияга арнаган. П. С. Урысон менен бирдикте компакттуу жана бикомпакттуу мейкиндиктер теориясын түзгөн. Өлчөмдөр теориясына жаӊы геом. багыт берүү менен анын өнүгүшүнө зор салым кошкон. Өлчөмдүү гомологиялык теорияны түзгөн. Көптүктөрдү изилдөөнүн комбинаторикалык (алг.) ыкмаларын иштеп чыккан. Топологияга бир нече фундаменталдуу түшүнүктөрдү киргизген. Бир катар эмгектери көптүктөр, функциялар теорияларына арналган. «Комбинаторикалык топология», «Өлчөмдөрдүн гомологиялык теориясына киришүү», «Көптүктөр теориясына жана жалпы топологияга киришүү» ж. б. бир нече монографиялардын автору. Москва математика коомунун президенти (1932‒64), ардактуу президенти (1964-жылдан). Бир катар чет өлкөлүк илимдер академияларынын жана ил. коомдорунун ардактуу мүчөсү. СССР мамл. сыйл. (1943), Н. И. Лобачевский атн. эл аралык сыйл. (1972) лауреаты. Алты Ленин, Октябрь Революциясы, Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери менен сыйланган. | |||
''А. А. Чекеев, С. С. Токсонбаев.''
| ''А. А. Чекеев, С. С. Токсонбаев.''

16:02, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 -деги абалы
АЛЕСАНДРОВ Павел Сергеевич [25.4 (7.5) 1896, Богородск шаарчасы, азыркы Ногинск, Москва обл. ‒ 16. 11. 1982, Москва] ‒ орус математиги, СССР ИАнын академиги (1953), сов. топологиялык мектептин негиздөөчүсү, Соц. Эмг. Баатыры (1969). Москва ун-тин бүтүргөн (1917), ошол эле жерде иштеген (1929-жылдан проф.). Негизги ил.-изилдөөлөрүн топологияга арнаган. П. С. Урысон менен бирдикте компакттуу жана бикомпакттуу мейкиндиктер теориясын түзгөн. Өлчөмдөр теориясына жаӊы геом. багыт берүү менен анын өнүгүшүнө зор салым кошкон. Өлчөмдүү гомологиялык теорияны түзгөн. Көптүктөрдү изилдөөнүн комбинаторикалык (алг.) ыкмаларын иштеп чыккан. Топологияга бир нече фундаменталдуу түшүнүктөрдү киргизген. Бир катар эмгектери көптүктөр, функциялар теорияларына арналган. «Комбинаторикалык топология», «Өлчөмдөрдүн гомологиялык теориясына киришүү», «Көптүктөр теориясына жана жалпы топологияга киришүү» ж. б. бир нече монографиялардын автору. Москва математика коомунун президенти (1932‒64), ардактуу президенти (1964-жылдан). Бир катар чет өлкөлүк илимдер академияларынын жана ил. коомдорунун ардактуу мүчөсү. СССР мамл. сыйл. (1943), Н. И. Лобачевский атн. эл аралык сыйл. (1972) лауреаты. Алты Ленин, Октябрь Революциясы, Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери менен сыйланган.
А. А. Чекеев, С. С. Токсонбаев.