Difference between revisions of "АСАНОВА Динара Кулдашевна"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
(Айырма жок)

11:41, 2 Декабрь (Бештин айы) 2022 -деги абалы

АСАНОВА Динара Кулдашевна (24. 10. 1942, Фрунзе – 4. 4. 1985, Мурманск, Россия, сөөгү Бишкек ш. коюлган) – белгилүү кинорежиссёр, актёр. РСФСРдин искусствого эмгек сиңирген ишмери (1980). 1970-ж. ВГИКти бүткөн. 1960–62-ж. «Кыргызфильм» студиясында режиссёрдун ассистенти («Тянь-Шань кызы», «Аптап» фильмдерине). 1965-ж. «Ар кимдин өз жолу бар» фильминде аялдын образын жогорку деңгээлде аткарып, актёрдук талантын айгинелеген. 1974-жылдан Россиянын «Ленфильм» киностудиясында жигердүү эмгектенген. Ал 10 жыл ичинде 10 толук метраждуу көркөм фильм тартууга жетишкен, тактап айтканда, жыл сайын үзгүлтүксүз кызыктуу кинолорду элге тартуулап турган. 1975-ж. «Тоңкулдактын башы оорубайт», 1977-ж. «Башка бирөөгө берүүгө болбогон ачкыч» фильми Москвада, Италияда, Югославияда өткөн эл аралык фестивалдардын дипломдорун алган. Булардан соң «Кырсык» (1979), «Аял кетти» (1979), «Жараксыз» (1980), «Сен бирөөнү тандашың керек» (1981) фильмдерин тарткан. 1983-ж. «Өспүрүмдөр» фильмин тартып, «Жылдын мыкты фильми» Бүткүл союздук конкурсунун жеңүүчүсү болгон ж-а СССР мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылган (1985, өлгөндөн кийин). 1970-ж. В. Г. Распутиндин «Рудольфио» кыска метраждуу фильмин экрандаштырган. «Балээ» (1978), ушул эле жылы «Жаман кыз» телефильми, «Чырдын башы» аттуу курч проблемалуу, жаңы көз караштагы, кызыктуу фильмдери тартылган. «Садагам, кымбатым, сүйүктүүм, жалгызым» (1984) фильмине Канндагы эл аралык кинофестивалдын диплому ыйгарылган. Д. Асанова ж-дө «Мен бардыгыңарды жакшы көрөм» (1957), «Динара» (1988) аттуу фильмдер чыгарылган. Бишкектеги бир көчөгө анын ысымы коюлган.
Ад.: Гукасян Ф. Г. Асанова. М., 1985; Aсанова Д. У меня нет времени говорить неправду: Дневниковые записи, режиссёрские заметки, статьи, интервью с Д. Асановой и воспоминания о ней. Л., 1989.

АСАНОВА 80.png


«Жаман кыз» телефильми, «Чырдын башы» аттуу курч проблемалуу, жаңы көз караштагы, кызыктуу фильмдери тартылган. «Садагам, кымбатым, сүйүктүүм, жалгызым» (1984) фильмине Канндагы эл аралык кинофестивалдын диплому ыйгарылган. А. ж-дө «Мен бардыгыңарды жакшы көрөм» (1957), «Динара» (1988) аттуу фильмдер чыгарылган. Бишкектеги бир көчөгө анын ысымы коюлган.
Ад.: Гукасян Ф. Г. Асанова. М., 1985; Aсанова Д. У меня нет времени говорить неправду: Дневниковые записи, режиссёрские заметки, статьи, интервью с Д. Асановой и воспоминания о ней. JI., 1989.