Difference between revisions of "АРЫСТАНОВА Светлана Амановна"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
(Айырма жок)

16:57, 1 Декабрь (Бештин айы) 2022 -деги абалы

АРЫСТАНОВА Светлана Амановна (27. 4. 1938-ж. т., Жалал-Абад ш.) – КРдин эл мугалими (2006), КРдин эмгек сиңирген мугалими (1995). КМУнун химия-биология факультетин бүтүргөн (1965). Педагогикалык ишмердигин 1964-ж. Фрунзедеги № 47 орто мектепте мугалим болуп иштөөдөн баштаган. 1968–71-ж. Мали Республикасынын Бамако шаарында, 1974–90-ж. Фрунзедеги № 6, 17, 20 орто мектептерде мугалим, 1990-жылдан № 6 орто мектепте директор болуп эмгектенген. 2000-ж. ушул мектептин базасында республикада алгачкы автордук окуу-тарбия комплекс-гимназияны түзгөн.С. Арыстанова «Билим», «Маданият», «XXI кылымдын кадрлары», «Аялзат», «Улуттун чындыгы» ж. б. улуттук программаларды ж-а багыттарды окуу-тарбия процессине киргизген. Бир нече монографиянын ав­тору. Медалдар м-н сыйланган.

АРЫСТАНОВА 67.png