Difference between revisions of "АНДАБЕКОВ Сейитказы"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
(Айырма жок)

10:42, 22 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 -деги абалы

АНДАБЕКОВ Сейитказы (18. 10. 1925, Нарын обл., Ат-Башы р-ну, Каракоюн өрөөнү, Кара-Булак кыштоосу – 23. 12. 2015, Бишкек ш.) – артист, Кыргыз ССР эл артисти (1984), Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. 1946-жылдан Нарын обл. музыкалык драма театрында, 1949-ж. ал театр жабылып калганына байланыпггуу Ысык-Көл обл. драма театрында, 1961-жылдан кайрадан Нарын обл. драма театрында иштеген. Образдарды жаратууда таасирдүү терендикти таап, жөнөкөй, жеткиликтүү бере

АНДАБЕКОВ 1 81.png

алган. Аткарган негизги ролдору: Хуан Цуан (Ж. Турусбеков, «Ажал ордуна»), Аккан, Мамалак (К. Жантөшев, «Курманбек», «Шайтан кыз»), Кулан (К. Маликов, «Жаңыл»), Чиновник (Н. Гоголь, «Үйлөнүү»), Чаар солдат (В. Вишневский, «Оптимисттик трагедия»), Ташбалта (Г. Гулям, «Ташбалта ашык»), Жарас (М. Ауэзов, «Айман-Шолпан»), Мергенчи Мажит (Б. Өмүралиев, «Жаңырык»), Шүкүр балбан, Байков (Ж. Садыков, «Боз торгой», «Жукеев Пудовкин»), Чыныбай (Т. Абдымомунов, «Ашырбай»), Бобчинский (Н. Гоголь, «Текшерүүчү»), Токторбай (К. Мамбетакунов, «Үкөй»), Кожо Насирдин (В.В. Соловьев, «Кожо Насирдин»), Глостер (У. Шекспир, «Король Лир»), Сабыр (А. Жакшылыков, «Көкөй кести») ж. б. С. Андабеков көптөгөн ролдорду аткаруу м-н бирге обончу-аткаруучулук өнөрүн да элге тартуулап, концерт берген. «Кыздарай», «Кылпылдама», «Сулуу кыз», «Акежан», «Беккара», «Там башында», «Карылардын дуэти» ж. б. тамашалуу ырларды К. Карасартова м-н бирдикте ырдаган. Ыр-бий дуэттерин чебер аткарып, кыргыз, казак, уйгур, өзбек элдеринин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон. I даражадагы Ата Мекендик согуш ордени, III даражадагы «Манас» ордени ж-а медалдар м-н сыйланган.