Difference between revisions of "АДЫГЭ РЕСПУБЛИКАСЫ"
Jump to navigation
Jump to search
м (Roza moved page АДЫГЭ to АДЫГЭ РЕСПУБЛИКАСЫ) |

1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АДЫГЭ РЕСПУБЛИКАСЫ''' Адыгэ Республикасы Россия Федерациясынын курамында. Түн. Кавказда, Лаба ж‑a ''Кубань'' д‑нын боюнда жайгашкан. Бардык жагынан ''Краснодар крайы'' м‑н чектешет. Аянты 7,8 миң ''км2.'' Калкы 442,8 миң (2009). Борбору – Майкоп шаары. Адм.-айм. жактан 7 районго, 2 шаарга (Майкоп, Адыгейск), 3 шаарчага бөлүнөт. Мамлекетти башкаруу ж‑a аткаруу бийлиги президентке таандык. Мыйзам чыгаруучу жогорку органы – мамл. кеңеш. Респ‑нын хасэси (парламент) 2 палатадан (Өкүлдөр кеңеши ж‑а республикалык кеңеш) турат. Министрлер кабинети – мамл. бийликти аткаруу органы. Президент премьер‑министрди мамл. кеңештин макулдугу м‑н дайындайт.
Респ‑нын түндүгү Кубань бою түздүгүндө, түштүгү Чоң Кавказдын капталдарында жайгашкан. Жеринин бетинин бийикт. 3238 ''м''ге чейин (Чугуш чокусу). Нефть ж‑а газ (Майкоптун айланасынан), курулуш материалдары, фосфорит (запасы 180 миң т) казылып алынат. Минералдык булактары бар. Климаты мелүүн континенттик, жылуу ж‑а нымдуу. Январдын орт. темп‑расы –2,4°С, июлдуку 22,2°С. Жылдык жаан‑чачыны 700 ''мм'' (эң көбү апрелден декабрга чейин). Аязсыз мезгили 180 күн. Ири дарыялары: Кубань (куймасы Лаба м‑н), Ак (Фишт шаркыратмасы бар), Чехрак, Фарс, Пшиш, Псекупс ж. б. Дарыялардын агымын жөнгө салуу иретинде суу сактагычтар (Краснодар, Тщикск, Шапсугск, Октябрь) курулган. Кээ бир дарыяларынын төмөнкү агымында сал агызылат. Кара топурак басымдуу келип, аймагын эмен, бук, граб, зараң, ак чечек ж. б. жазы жалбырактуу токой ээлеп жатат. Жапайы мөмө‑жемиш, дары-дармек, эфир‑май өсүмдүктөрү көп. Тоолорунда бийиктеген сайын жазы жалбырактуу ж‑а ийне жалбырактуу токой (көк карагай, карагай, кызыл карагай) м‑н алмашат. Аймагынын 40% ин токой ээлейт.
Негизги калкы адыгэлер, о. эле орус, күрд, татар ж. б. улут өкүлдөрү жашайт. Калкынын жашынын орт. узактыгы эркектериники – 62,6, аялдарыныкы – 75,2 жаш. Орт. жыштыгы 1 ''км2'' жерге 57,9 киши. Шаар калкы 53,7%. Шаарлары: Майкоп, Адыгейск. А‑де ''Буткул дуйнөлук мурастын'' тизмесине кирген ''Кавказ коругунун'' тоо жак бөлүгү жайгашкан. Табияты жашоого, эс алууга ж‑а а. ч. тармагы үчүн да жагымдуу. Экол. абалы салыштырмалуу канааттандырарлык.
А‑нин аймагында адамдар төмөнкү палеолит доорунан эле мекендегенин археол. табылгалар тастыктайт. Б. з. ч. 7‑к‑да меоттор мад‑тынын калыптанышы аяктаган. Бул мезгилге таандык көрүстөндөрдөн (Хажох, Уашхиту, Келермес) меот урууларынын скифтердин жүрүштөрүнө катышкандыгын далилдеген арабалар, асем буюмдар арбын табылган. Б. з. ч. 3‑к‑дан башталган ''сарматтардын'' таасири б. з. ч. 1‑к‑да өзгөчө күчөгөн. Меот‑сармат мезгилине таандык сепилдери бар шаар калдыктары (Тахтамукаевский, Ассоколайский ж. б.), көрүстөндөр (Чер нышевский, Серегинский), бай коргондор (Хатажукай, Кончукохабль ж. б.) белгилүү. 6‑к‑дын аяк ченинен 630‑ж. чейин А. ''Түрк кагандыг''ы''нын,'' 8–9‑к‑да ''Хазар кагандыгынын'' карамагында болгон. 1238–39‑ж. А. аймагын монголдор каратып алган. 13‑к‑дын 2‑жарымынан 15‑кдын 2‑жарымына чейин А‑нин маданий‑тарыхый өнүгүүсүнө Кара деңиз жээктериндеги генуэлик шаар‑колониялардын таасири зор болгон. 14–15‑к‑да адыгэлердин Түн. Кавказдын борб. бөлүгүнө чачырап жайгашуусу башталган. Алар ушундан улам бир нече этностук топторго бөлүнүп, натыйжада кийин кабарда, черкес ж‑а адыгэ элдеринин калыптанышына негиз түзгөн. 16–18‑к‑да буларга каршы ''Осмон империясы, Крым хандыгы'' согуш жүргүзүп, адыгдар орус мамлекетинен жардам суроого мажбур болушкан. 1552–57‑ж. Москвага бир нече адыгэ элчилери келип, ушул мезгилден алар Россиянын курамына кошулушкан. 1860‑ж. Кавказ согушунун натыйжасында (1817–64) Осмон империясына караштуу жерлерге адыгэлерди массалык түрдө көчүрүү башталып, Россия империясында алардын 5% и гана калган. Алар Кубань обл‑нун аймагында жашаган. 1917–22‑ж. Граждандык согуштун жүрүшүндө адыгэлердин көпчүлүгү Түркия ж‑а Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө жер которушкан. 27. 7. 1922‑ж. БРБАКтын декрети м‑н Черкес (Адыгэ) Автономия обл. түзүлгөн, ошол эле жылы 24‑августта Адыгэ (Черкес) Автономия обл., 13. 8. 1928‑ж. Адыгэ Автономия обл. деп аталган. Борбору Краснодар ш. болгон, 1936‑жылдан Майкоп ш., 1991‑жылдан РСФСРдин курамында Адыгэ Советтик Социалисттик Республикасы, 1992‑жылдан Адыгэ Республикасы деп аталат.
А. Түн.-Кавказ экон. р‑нуна кирет. Россия Федерациясындагы жүзүм шарабын (жылына 2020 миң ''дал,'' 6‑орун), курулуш жыгачтарын (36,8 миң ''м3,'' 7‑орун) даярдоо, картон (51,7 миң ''т,'' | |||
99‑орун), кум шекер (49,8 миң ''т,'' 15‑орун), жашылча ширелерин ж‑а жемиш консерваларын өндүрүү б‑ча өзгөчөлөнөт. Өнөр жайы негизинен Майкопто жайгашкан. Тамак‑аш (спирт, кант з‑ддору, кондитер ф‑касы, консерва комбинаты), жыгач даярдоо, жыгаччылык, целлюлоза‑кагаз («Майкопмебель», «Дружба», «Картонтара» ж. б.), машина куруу, металл иштетүү, курулуш материалдар өнөр жайы бар.
| 99‑орун), кум шекер (49,8 миң ''т,'' 15‑орун), жашылча ширелерин ж‑а жемиш консерваларын өндүрүү б‑ча өзгөчөлөнөт. Өнөр жайы негизинен Майкопто жайгашкан. Тамак‑аш (спирт, кант з‑ддору, кондитер ф‑касы, консерва комбинаты), жыгач даярдоо, жыгаччылык, целлюлоза‑кагаз («Майкопмебель», «Дружба», «Картонтара» ж. б.), машина куруу, металл иштетүү, курулуш материалдар өнөр жайы бар.

Дан эгиндери, рапс, күн карама, кант кызылча, тамеки, эфир‑май, жашылча ж‑а бакча өсүмдүктөрү өстүрүлөт. Жүзүмчүлүк, багбанчылык өнүккөн. Малы жайытта багылат. Бодо мал (эт-сүт багытында), чочко, кой, эчки, жылкы асырал ат. Үй куштары багылат. Аарычылык да өнүккөн. Өлкөдөгү эң ири диеталык эт даярдоочу (күрп) ф‑ка (Майкопто) иштейт. Автомобиль жолунун уз. 1,6 миң ''км'' (асфальтталган), темир жолунуку 200 ''км'' (2008). Майкоп – Усть‑Лабинск, Майкоп – Туапсе, Майкоп – Армавир газ кууру, аэропорт бар.
| Дан эгиндери, рапс, күн карама, кант кызылча, тамеки, эфир‑май, жашылча ж‑а бакча өсүмдүктөрү өстүрүлөт. Жүзүмчүлүк, багбанчылык өнүккөн. Малы жайытта багылат. Бодо мал (эт-сүт багытында), чочко, кой, эчки, жылкы асырал ат. Үй куштары багылат. Аарычылык да өнүккөн. Өлкөдөгү эң ири диеталык эт даярдоочу (күрп) ф‑ка (Майкопто) иштейт. Автомобиль жолунун уз. 1,6 миң ''км'' (асфальтталган), темир жолунуку 200 ''км'' (2008). Майкоп – Усть‑Лабинск, Майкоп – Туапсе, Майкоп – Армавир газ кууру, аэропорт бар.

17:55, 28 Сентябрь (Аяк оона) 2022 -деги абалы
АДЫГЭ РЕСПУБЛИКАСЫ Адыгэ Республикасы Россия Федерациясынын курамында. Түн. Кавказда, Лаба ж‑a Кубань д‑нын боюнда жайгашкан. Бардык жагынан Краснодар крайы м‑н чектешет. Аянты 7,8 миң км2. Калкы 442,8 миң (2009). Борбору – Майкоп шаары. Адм.-айм. жактан 7 районго, 2 шаарга (Майкоп, Адыгейск), 3 шаарчага бөлүнөт. Мамлекетти башкаруу ж‑a аткаруу бийлиги президентке таандык. Мыйзам чыгаруучу жогорку органы – мамл. кеңеш. Респ‑нын хасэси (парламент) 2 палатадан (Өкүлдөр кеңеши ж‑а республикалык кеңеш) турат. Министрлер кабинети – мамл. бийликти аткаруу органы. Президент премьер‑министрди мамл. кеңештин макулдугу м‑н дайындайт.
Респ‑нын түндүгү Кубань бою түздүгүндө, түштүгү Чоң Кавказдын капталдарында жайгашкан. Жеринин бетинин бийикт. 3238 мге чейин (Чугуш чокусу). Нефть ж‑а газ (Майкоптун айланасынан), курулуш материалдары, фосфорит (запасы 180 миң т) казылып алынат. Минералдык булактары бар. Климаты мелүүн континенттик, жылуу ж‑а нымдуу. Январдын орт. темп‑расы –2,4°С, июлдуку 22,2°С. Жылдык жаан‑чачыны 700 мм (эң көбү апрелден декабрга чейин). Аязсыз мезгили 180 күн. Ири дарыялары: Кубань (куймасы Лаба м‑н), Ак (Фишт шаркыратмасы бар), Чехрак, Фарс, Пшиш, Псекупс ж. б. Дарыялардын агымын жөнгө салуу иретинде суу сактагычтар (Краснодар, Тщикск, Шапсугск, Октябрь) курулган. Кээ бир дарыяларынын төмөнкү агымында сал агызылат. Кара топурак басымдуу келип, аймагын эмен, бук, граб, зараң, ак чечек ж. б. жазы жалбырактуу токой ээлеп жатат. Жапайы мөмө‑жемиш, дары-дармек, эфир‑май өсүмдүктөрү көп. Тоолорунда бийиктеген сайын жазы жалбырактуу ж‑а ийне жалбырактуу токой (көк карагай, карагай, кызыл карагай) м‑н алмашат. Аймагынын 40% ин токой ээлейт.
Негизги калкы адыгэлер, о. эле орус, күрд, татар ж. б. улут өкүлдөрү жашайт. Калкынын жашынын орт. узактыгы эркектериники – 62,6, аялдарыныкы – 75,2 жаш. Орт. жыштыгы 1 км2 жерге 57,9 киши. Шаар калкы 53,7%. Шаарлары: Майкоп, Адыгейск. А‑де Буткул дуйнөлук мурастын тизмесине кирген Кавказ коругунун тоо жак бөлүгү жайгашкан. Табияты жашоого, эс алууга ж‑а а. ч. тармагы үчүн да жагымдуу. Экол. абалы салыштырмалуу канааттандырарлык.
А‑нин аймагында адамдар төмөнкү палеолит доорунан эле мекендегенин археол. табылгалар тастыктайт. Б. з. ч. 7‑к‑да меоттор мад‑тынын калыптанышы аяктаган. Бул мезгилге таандык көрүстөндөрдөн (Хажох, Уашхиту, Келермес) меот урууларынын скифтердин жүрүштөрүнө катышкандыгын далилдеген арабалар, асем буюмдар арбын табылган. Б. з. ч. 3‑к‑дан башталган сарматтардын таасири б. з. ч. 1‑к‑да өзгөчө күчөгөн. Меот‑сармат мезгилине таандык сепилдери бар шаар калдыктары (Тахтамукаевский, Ассоколайский ж. б.), көрүстөндөр (Чер нышевский, Серегинский), бай коргондор (Хатажукай, Кончукохабль ж. б.) белгилүү. 6‑к‑дын аяк ченинен 630‑ж. чейин А. Түрк кагандыгынын, 8–9‑к‑да Хазар кагандыгынын карамагында болгон. 1238–39‑ж. А. аймагын монголдор каратып алган. 13‑к‑дын 2‑жарымынан 15‑кдын 2‑жарымына чейин А‑нин маданий‑тарыхый өнүгүүсүнө Кара деңиз жээктериндеги генуэлик шаар‑колониялардын таасири зор болгон. 14–15‑к‑да адыгэлердин Түн. Кавказдын борб. бөлүгүнө чачырап жайгашуусу башталган. Алар ушундан улам бир нече этностук топторго бөлүнүп, натыйжада кийин кабарда, черкес ж‑а адыгэ элдеринин калыптанышына негиз түзгөн. 16–18‑к‑да буларга каршы Осмон империясы, Крым хандыгы согуш жүргүзүп, адыгдар орус мамлекетинен жардам суроого мажбур болушкан. 1552–57‑ж. Москвага бир нече адыгэ элчилери келип, ушул мезгилден алар Россиянын курамына кошулушкан. 1860‑ж. Кавказ согушунун натыйжасында (1817–64) Осмон империясына караштуу жерлерге адыгэлерди массалык түрдө көчүрүү башталып, Россия империясында алардын 5% и гана калган. Алар Кубань обл‑нун аймагында жашаган. 1917–22‑ж. Граждандык согуштун жүрүшүндө адыгэлердин көпчүлүгү Түркия ж‑а Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө жер которушкан. 27. 7. 1922‑ж. БРБАКтын декрети м‑н Черкес (Адыгэ) Автономия обл. түзүлгөн, ошол эле жылы 24‑августта Адыгэ (Черкес) Автономия обл., 13. 8. 1928‑ж. Адыгэ Автономия обл. деп аталган. Борбору Краснодар ш. болгон, 1936‑жылдан Майкоп ш., 1991‑жылдан РСФСРдин курамында Адыгэ Советтик Социалисттик Республикасы, 1992‑жылдан Адыгэ Республикасы деп аталат.
А. Түн.-Кавказ экон. р‑нуна кирет. Россия Федерациясындагы жүзүм шарабын (жылына 2020 миң дал, 6‑орун), курулуш жыгачтарын (36,8 миң м3, 7‑орун) даярдоо, картон (51,7 миң т, 99‑орун), кум шекер (49,8 миң т, 15‑орун), жашылча ширелерин ж‑а жемиш консерваларын өндүрүү б‑ча өзгөчөлөнөт. Өнөр жайы негизинен Майкопто жайгашкан. Тамак‑аш (спирт, кант з‑ддору, кондитер ф‑касы, консерва комбинаты), жыгач даярдоо, жыгаччылык, целлюлоза‑кагаз («Майкопмебель», «Дружба», «Картонтара» ж. б.), машина куруу, металл иштетүү, курулуш материалдар өнөр жайы бар.
Дан эгиндери, рапс, күн карама, кант кызылча, тамеки, эфир‑май, жашылча ж‑а бакча өсүмдүктөрү өстүрүлөт. Жүзүмчүлүк, багбанчылык өнүккөн. Малы жайытта багылат. Бодо мал (эт-сүт багытында), чочко, кой, эчки, жылкы асырал ат. Үй куштары багылат. Аарычылык да өнүккөн. Өлкөдөгү эң ири диеталык эт даярдоочу (күрп) ф‑ка (Майкопто) иштейт. Автомобиль жолунун уз. 1,6 миң км (асфальтталган), темир жолунуку 200 км (2008). Майкоп – Усть‑Лабинск, Майкоп – Туапсе, Майкоп – Армавир газ кууру, аэропорт бар.
А‑де 124 мекеме, 188 жалпы билим берүүчү мектеп, 6 кесиптик‑тех. окуу жайы, 2 ЖОЖ, 150 китепкана, 28 музей иштейт. 20 гезит басылып чыгарылат. Телекөрсөтүү эки тилде (адыгэ, орус) көрсөтүлөт. Филармония, драма театр бар. Жыл сайын фестивалдар (Майкоп) ж‑а казак‑орус мад‑тынын күндөрү өткөрүлүп турат. 1936‑ж. Майкопто орус драма театры, 1937‑ж. Адыгэ колхоз‑совхоз театры уюшулган. 1941‑ж. эки театр биригип, А. С. Пушкин атн. театрын (облустук драма театрдын курамында) түзгөн. 2000‑жылдан өз алдынча эки театрга Адыгэ драма театры, А. С. Пушкин атн. орус драма театрына бөлүнгөн. 1936‑жылдан мамл. акад. «Нальмес» бий ансамбли, 1991‑жылдан «Исламей» мамл. ыр‑бий ансамбли, 1993‑жылдан Камералык муз. театр иштейт. 2001‑ж. Россия акад. иск‑во театрынын филиалы ачылган.
Ад.: Вопросы истории, адыгейской литературы: В 2 кн. Майкоп, 1979 – 80; Сокровища курганов Адыгей. М., 1985; Панеш У. М. Типологические связи и формирование художественно‑эстетического единства адыгских литератур. Майкоп, 1990; География Республики Адыгея. 22‑е изд. Майкоп, 2001.
Р. Карачалова, А. Орозов.