Difference between revisions of "АВТОМАТИКА"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
1 -сап: 1 -сап:
  (гр. automatos ‒ өзү аракеттенүүчү) ‒ түздөн-түз адам аракети катышпай иштей турган технол. процесстерди башкаруучу системалардын теориясын ж-а түзүү принциптерин камтыган илим м-н техниканын тармагы. Автоматтык ишке кирүүчү түзүлмөлөрдүн негиздери 18-к-да эле белгилүү болгон. Буу казанында суунун белгилүү деӊгээлин кармоо үчүн И. И. ''Ползуновдун'' (1765) ж-а буу машинасынын октолгоочунун айлануу жыштыгын турукташтыруу үчүн Дж. ''Уаттын'' (1784) жөндөгүчтөрүнүн (регуляторлорунун) баяндамалары сакталып калган. Алгачкы теор. натыйжалар 19-к-да пайда болгон. Дж. К. Максвеллдин (1868) ж-а И. А. Вышнеградскийдин (1872) эмгектери автоматташтырылган жөндөө теориясынын негизин түптөгөн, алардын базасында А. илим катары ургаалдуу өнүккөн. Техниканын өзүнчө тармагы катары А. дүйнөлүк энергетиктердин 2-конференциясында (1930, Берлин) кабыл алынган. Пайдаланылуучу энергиянын түрүнө карата электр, гидро-, пневмо-А. түзүлүштөрү бар. Өндүрүштө электр А-сы, шахта өндүрүшүндө пневмо-А. колдонулат. А-нын өсүшү теор. механикага, электр тизмегинин ж-а системасынын теориясына негизделип, ''буу казанынын'' басымын, ''буу машинасынын'' бишкегинин (поршенинин) жүрүшүн жөндөөгө, станок-автоматтардын, АТСтин, релелик сактоо түзүлүшүнүн ишин башкарууга байланышкан маселени чечет. Ушуга ылайык А-нын тех. каражаттары иштелип чыккан (к. ''Автоматташтыруунун техникалык каражаттары). ''А. бири биринен алыс турган объектилерди бир системага бириктирет. Мында автоматтык башкаруучу түзүлүштөр телемеханиканын каражаттары м-н байланыштырылат. Байланыш каражаттары, башкаруучу түзүлүштөр ж-а башкарылуучу объектилер телеавтоматика системасын түзөт.
'''АВТОМАТИКА''' (гр. automatos ‒ өзү аракеттенүүчү) ‒ түздөн-түз адам аракети катышпай иштей турган технол. процесстерди башкаруучу системалардын теориясын ж-а түзүү принциптерин камтыган илим м-н техниканын тармагы. Автоматтык ишке кирүүчү түзүлмөлөрдүн негиздери 18-к-да эле белгилүү болгон. Буу казанында суунун белгилүү деӊгээлин кармоо үчүн И. И. ''Ползуновдун'' (1765) ж-а буу машинасынын октолгоочунун айлануу жыштыгын турукташтыруу үчүн Дж. ''Уаттын'' (1784) жөндөгүчтөрүнүн (регуляторлорунун) баяндамалары сакталып калган. Алгачкы теор. натыйжалар 19-к-да пайда болгон. Дж. К. Максвеллдин (1868) ж-а И. А. Вышнеградскийдин (1872) эмгектери автоматташтырылган жөндөө теориясынын негизин түптөгөн, алардын базасында А. илим катары ургаалдуу өнүккөн. Техниканын өзүнчө тармагы катары А. дүйнөлүк энергетиктердин 2-конференциясында (1930, Берлин) кабыл алынган. Пайдаланылуучу энергиянын түрүнө карата электр, гидро-, пневмо-А. түзүлүштөрү бар. Өндүрүштө электр А-сы, шахта өндүрүшүндө пневмо-А. колдонулат. А-нын өсүшү теор. механикага, электр тизмегинин ж-а системасынын теориясына негизделип, ''буу казанынын'' басымын, ''буу машинасынын'' бишкегинин (поршенинин) жүрүшүн жөндөөгө, станок-автоматтардын, АТСтин, релелик сактоо түзүлүшүнүн ишин башкарууга байланышкан маселени чечет. Ушуга ылайык А-нын тех. каражаттары иштелип чыккан (к. ''Автоматташтыруунун техникалык каражаттары). ''А. бири биринен алыс турган объектилерди бир системага бириктирет. Мында автоматтык башкаруучу түзүлүштөр телемеханиканын каражаттары м-н байланыштырылат. Байланыш каражаттары, башкаруучу түзүлүштөр ж-а башкарылуучу объектилер телеавтоматика системасын түзөт.

09:28, 27 Сентябрь (Аяк оона) 2022 -деги абалы

АВТОМАТИКА (гр. automatos ‒ өзү аракеттенүүчү) ‒ түздөн-түз адам аракети катышпай иштей турган технол. процесстерди башкаруучу системалардын теориясын ж-а түзүү принциптерин камтыган илим м-н техниканын тармагы. Автоматтык ишке кирүүчү түзүлмөлөрдүн негиздери 18-к-да эле белгилүү болгон. Буу казанында суунун белгилүү деӊгээлин кармоо үчүн И. И. Ползуновдун (1765) ж-а буу машинасынын октолгоочунун айлануу жыштыгын турукташтыруу үчүн Дж. Уаттын (1784) жөндөгүчтөрүнүн (регуляторлорунун) баяндамалары сакталып калган. Алгачкы теор. натыйжалар 19-к-да пайда болгон. Дж. К. Максвеллдин (1868) ж-а И. А. Вышнеградскийдин (1872) эмгектери автоматташтырылган жөндөө теориясынын негизин түптөгөн, алардын базасында А. илим катары ургаалдуу өнүккөн. Техниканын өзүнчө тармагы катары А. дүйнөлүк энергетиктердин 2-конференциясында (1930, Берлин) кабыл алынган. Пайдаланылуучу энергиянын түрүнө карата электр, гидро-, пневмо-А. түзүлүштөрү бар. Өндүрүштө электр А-сы, шахта өндүрүшүндө пневмо-А. колдонулат. А-нын өсүшү теор. механикага, электр тизмегинин ж-а системасынын теориясына негизделип, буу казанынын басымын, буу машинасынын бишкегинин (поршенинин) жүрүшүн жөндөөгө, станок-автоматтардын, АТСтин, релелик сактоо түзүлүшүнүн ишин башкарууга байланышкан маселени чечет. Ушуга ылайык А-нын тех. каражаттары иштелип чыккан (к. Автоматташтыруунун техникалык каражаттары). А. бири биринен алыс турган объектилерди бир системага бириктирет. Мында автоматтык башкаруучу түзүлүштөр телемеханиканын каражаттары м-н байланыштырылат. Байланыш каражаттары, башкаруучу түзүлүштөр ж-а башкарылуучу объектилер телеавтоматика системасын түзөт.