Difference between revisions of "АДИЛОВ Айбек Насырович"
Jump to navigation
Jump to search
м (Kerimova-59 moved page АДИЛОВ to АДИЛОВ Айбек Насырович) |
|
(Айырма жок)
|
17:06, 22 Сентябрь (Аяк оона) 2022 -деги абалы
[10. 2. 1974‑ж.т., Фрунзе (азыркы Бишкек) ш.] – юрист, юридика илимд. доктору (2011), проф. (2016), милициянын полковниги. 1995‑ж. КР ИИМдин Бишкек жогорку мектебин (1995), РФ ИИМдин академиясын (1999) бүтүргөн. 1995–96‑ж. Бишкек ш‑нын 1‑Май р‑ндук ички иштер бөлүмүндө тергөөчү, 1996–99‑ж. КР ИИМдин Бишкек жогорку мектебинде адъюнкт, 1999–2006‑ж. КР ИИМдин Академиясында ил.-из. ж‑а редакциялык‑басма бөлүмүнүн башчысы, 2006–09‑ж. РФ ИИМдин Башкаруу Академиясында докторант, 2010‑ж. КР ИИМдин Академиясынын Башкаруу теориясы ж‑а информатика кафедрасында доцент, 2010–11‑ж. профессор, 2011‑жылдан КР ИИМдин Академиясынын Ил. ж‑а ил.-пед. кадрларды даярдоо ф‑тинде начальник. Сот бийлиги, прокурордук көзөмөл, укук коргоо органдарынын ишин уюштуруу б‑ча адис. 80ден ашык ил. эмгектин (а. и. 3 монография, 2 окуу китеби) автору. Ч. Айтматов атн. КРдин мамл. жаштар сыйлыгынын алтын диплому, РФ, КР ИИМдин медалдары м‑н сыйланган.