Difference between revisions of "АЛДЫНКЫ БАКАЛООРДУУЛАР"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
(Айырма жок)

14:20, 20 Сентябрь (Аяк оона) 2022 -деги абалы

 (Prosobranchia) ‒ моллюскалар тибиндеги курсак буттуулар классынын өкүлдөрү. Алар 3 түркүмгө бөлүнөт. Чоӊдугу бир нече ммден 20 смге чейин ж-а раковинасынын салм. 2 кгга жетет. Бакалоору же өпкөсү м-н дем алат. Айрым жыныстуу, кээси гермафродит. Көптөгөн түрү жумуртка, айрымдары тирүү тууйт. Булар деӊизде, дарыяда ж-а кургактыкта жашоого ыӊгайланышкан. Айлана-чөйрөнүн тийгизген таасиринен жерде-сууда жашоочу түрлөрү да пайда болгон. А. негизинен детрит, көп түрү жырткычтар (былпылдактар, ичеги көӊдөйлүүлөр, ийне терилүүлөр ж. б.), айрымдары мителер. Байыртадан эле булардын мүйүз кабыгынан (раковинасынан) кооз нерселер жасалган, өзү боёк, дары катары колдонулган. Көп түрлөрүн (Франция, Япония, Корея, Кытай ж. б.) тамак-аш катары колдонушат. Кээ бир түрлөрүн Африка, Индия, Америка ж. б. өлкөлөрдө акча катары пайдаланышкан. Кээ бири адамдын жугуштуу оору козгогучтары.