Difference between revisions of "АДАБИЙ ВИКТОРИНА"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
(Айырма жок)

09:31, 9 Сентябрь (Аяк оона) 2022 -деги абалы

 – кандайдыр бир тематиканын айланасындагы суроолорго жооп берүүгө ылайык суроо-жооптордон турат. Викторина жооп берүүчүлөрдүн билиминин кенендиги, ар тараптуулугун, далилдеринин реалдуулугун талап кылат, ага катышуу м-н көп кызыктуу, пайдалуу маалыматтарды билүүгө болот, тапкычтыкты, ой жүгүртүүнү, эске тутууну калыптайт, байланыштуу речти өстүрүүгө көмөктөшөт. Викторина бир жазуучунун өмүрү, чыг-лыгына, же бир конкреттүү чыгармасына, же белгилүү бир мезгилдеги адабий процесске, болбосо бир тематикага арналып түзүлүшү мүмкүн. Аны өткөрүүнүн жолдору да ар кыл: кээде бир окуучу көпчүлүккө суроо берет, же болбосо эки тарапка (командаларга) бөлүнүп, бири-бирине суроо таштайт: жоопторду оозеки да, жазма түрүндө да алууга болот. О. эле айрым учурда викторинанын суроолору алдын ала окуучуларга таратылат, же класска, болбосо адабият кабинеттерине коюлуп; мында жооптор жазуу түрүндө жыйналат ж-а калыстар тобу тарабынан текшерилет. Викторинанын суроолоруна жооп берүүдө конкреттүүлүк, программадан тышкаркы материалдарды билүү, көркөм фантазия, ойдун тактыгы, мисалдардын ишенимдүүлүгү, речтин түшүнүктүүлүгү үчүн аракеттенүү керек.