Difference between revisions of "АРЕОПАГ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
433-496>KadyrM
(Айырма жок)

15:09, 5 Июнь (Кулжа) 2022 -деги абалы

(гр. Areis pagos – Арео дөбөсү) – Ба­йыркы Афиныдагы бийлик органы. Ал уруулук түзүлүш доорунда келип чыккан ж-а анын

мүчөлөрү өмүрүнүн аягына чейин шайланышкан. А-дын жыйындары Афиныдагы Арес дөбөсүндө өткөрүлгөндүктөн, ушундайча аталган. А. ке­ңири саясий, диний, сот ж-а көзөмөлдөө бийлигине ээ болуп, адегенде аристократиянын, анан олигархиянын тиреги болгон. Афины демократиясынын өнүгүүсүнө зор салым кошкон Эфиальттын реформасынан кийин А-дын бийлиги улам чектелип олтуруп, саясий бийликтен ажыратылган.