Difference between revisions of "АРАКЕТ белгиси"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
433-496>KadyrM
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

14:18, 6 Июнь (Кулжа) 2022 -деги абалы

у к у к т а – коомго коркунучтуу кылмыштын объективдүү белгилеринин бири. Кылмыштын объективдүү жагы эки түрдө болот:

коомго коркунучтуу А. ж-а коомго коркунуч­туу А-сиздик. Коомго коркунучтуу А. адамдын активдүү, өз эрки ж-а аң-сезимдүү аракетинен келип чыгат ж-а алар үч түргө бөлүнөт: 1) күч колдонуу аркылуу, мис., киши өлтүрүү зордуктоо; террордук ж. б.; 2) жазуу түрүндө, мис., кызматтык жасалма, жалган документтерди жасоо ж. б.; 3) сөз түрүндөгүсү. Адамдар тарабынан айтылган сөз кылмыштын объек­тивдүү жагын камтыйт, мис., ушактоо, ма зактоо. Коомго коркунучтуу аракет адамдын жүрүм-турумунун бир эле кыймылын же ушундай эле кыймылынын бир нечесин камтыйт, к. Аракетсиздик.
К. Бодобоев, К. Курманов.