Difference between revisions of "АРАГОН Луи"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
433-496>KadyrM
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

14:18, 6 Июнь (Кулжа) 2022 -деги абалы

Луи (3. 10. 1897, Париж – 10. 6. 1982,ошол эле жерде) – француз жазуучусу, коомдук ишмер, эл аралык Лениндик сыйл. лауреаты (1957). Лицейде, андан соң Париж мед. ин-тун-да (1915) окуган. 1-дүйнөлүк согушка (1917) катышкан. Алгачкы ырларында өзү жашаган доорду сындап жазган. Сюрреалист акын ката­ры чыккан. «Фейерверк» (1920), «Ура, Урал», «Жүрөктөгү канжар» (1934), «Эльзанын жанары» (1942), «Паноптикум» (1943) ыр жыйнактары, көптөгөн поэмалары («Кызыл майдан», «Бүтпөгөн роман», «Эльзага», «Акындар»), «Накта өлүм» (1949), «Калк кайраты ташыган жума» (1958) романдар топтомдору ж-а «Анри Матис», «Театр-роман» (1974) ж. б. романдары,публ. чыгармалар жыйнагы жарык көргөн. Жазуучунун эстетикалык позициясы «Чыныгы дүйнө» романында ачык байкалат. Ал Ч. Айтматовдун «Жамийла» повестине «Сүйүү жөнүндө эң сонун баян» деген пикирин айткан.