Difference between revisions of "АҢЧЫ ЭЛДЕР"
433-496>KadyrM |
(Айырма жок)
|
15:09, 5 Июнь (Кулжа) 2022 -деги абалы
– аң уулоону кесип (чарба) кылып күн көргөн элдердин аталышы. Мындай
чарбачылык алгач Африканын тропик токойлорунда, Түш.-Чыгыш Азияда, Түш. Америкада пайда болуп, айрым жерлерде азыр да бар.
А. э. жашоо шарты ыңгайсыз, цивилизация
дүйнөсүнө кызыкчылык туудурбаган жерлерде
сакталып калган. Алар бүгүнкү күндө негизинен чөлдөрдө (түш.-батыш Африкадагы бушмендер); Арктикалык мейкиндиктерди (арктикалык
инуиттер); тропик токойлорун (Африкадагы
пигмейлер) мекендешип, чөп-чардан, бак-дарактын бутактарынан, кабыктарынан жасалган
алачыктарда жашашат. Алар общиналык-уруучулук түзүлүштө жашап, жапайы айбандарга
аңчылык кылып, балык кармап, өсүмдүктөрдүн
азыкка жарамдуу тамырларын чогултуп күн
көрүшөт. Алардын негизги колдонгон куралдары: союл, таяк, найза, жаа, жебе, тор, тузак
ж. б. Саны жагынан 30–100дөй адамды бириктирген анча чоң эмес топтордон турат. Өкмөт,
бийлик структурасы ж-а аскердик уюму жок,
уруудагы чыр-чатактарды уруу башчысы эле
чечет.