Difference between revisions of "АҢГЕМЕЛЕШҮҮ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
433-496>KadyrM
(Айырма жок)

15:09, 5 Июнь (Кулжа) 2022 -деги абалы

 педагогикада – окуучулардын таанып-билүүлөрүн активдештирүү максатында колдонулуучу окутуу ыкмаларынын

бири. А-дө окуучулар мугалим же жолдоштору тарабынан коюлган суроолорго жооп берүү м-н жаңы билимге ээ болушат, өтүлгөн материалды кайталап бекемдешет. Ошондуктан суроолор жаңы түшүнүктөрдү калыптандырууга ж-а факт, кубулуш, процесстердин арасындагы жаңы байланыштарды түзүүгө, алган билимди пайдаланууга багытталып так, түшүнүктүү берилиши зарыл. А. учурунда окуучулардын жеке өзгөчөлүктөрү ачык көрүнөт. Алардын бирөө окуянын же кубулуштун мүнөздүү белгилерин тез көрө билсе, экинчиси проблеманын мазмунун кыскача чечмелегенди жакшы билет, үчүнчүсү - процессти так сүрөттөп көрсөтөт. А. – психоло­гия ж-а педагогика илимдеринде адамдын пси­хол. өзгөчөлүктөрүн (анын ишенимин, аракеттенүү багытын, кызыгуусун, чөйрөгө ж-а адамдарга болгон мамилесин ж. б.), ошол өзгөчөлүктөрдүн калыптануу шарттарын үйрөнүү максатында пайдаланылат.