Difference between revisions of "АНТРОПОХОРИЯ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
433-496>KadyrM
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

14:15, 6 Июнь (Кулжа) 2022 -деги абалы

(антропо... ж-а гр. choreo -

таралуу) – өсүмдүк диаспораларынын адамдын иш аракети аркылуу таралуусу. А. жолу м-н таралуучулар антропохорлор деп аталып, аларга көбүнчө отоо чөптөр ж. б. өсүмдүктөр кирет. Алар сугат суулары, кык ж-а үй жаныбарлары аркылуу; транспорт каражаттары (агестехория) ж-а а. ч. техникалары м-н жер­ди иштетүүдө (э р г а з и о х о р и я), о. эле себүү учурунда үрөн м-н (спейрохория) таралат. Бул эң байыркы маданий өсүмдүктөрдүн (буудай, күрүч, зыгыр) табигый тандалышына алып келген. А-га, о. эле адам аркылуу таралган бардык өсүмдүктөр, алардын ичинде эгилме өсүмдүктөр да кирет.