Difference between revisions of "АНАЛИЗ"
324-432>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
10:21, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы
(гр. analysis – ажыроо ж-а бөлүнүү) –
нерсени же кубулушту курамдык бөлүктөргө
ажыратуу аркылуу изилдөө. А. логикада түшүнүктүн пайда болушуна мүмкүнчүлүктү туудурган, бирдин көпкө, бүтүндүктү – бөлүктөргө,
татаалдыкты – компоненттерге, окуяны – анын
айрым тепкичтерине, акыл-эстин мазмунун –
элементтерге, түшүнүктү – анын белгилерине
ажыратып жиберет. А-ди колдонуу аналитикалык метод деп аталат. Элементардык А. –
кубулушту, анын айрым бөлүктөрүнө ажыратат, булар бири-бирине бүтүндүккө кандай карым-катнашта экендигин эсепке албастан
жүргүзүлөт. С е б е п А. – кубулушту анын
себеп-натыйжа карым- катнашын эсепке алуу
м-н тарамдап бөлүштүрөт. Логикалык А. –
логикалык карым-катнашына, көз карандылыгына жараттта ажыратат. Феноменологи я л ы к А. – кубулуштагы акыл-эс мазмунун, маңызын бөлүп-бөлүп көрсөтөт. П с и х ологиялык А. – акыл-эстин мазмунун
элементтерге ажыратат. Анализдөөдө эске ала
турган нерсе, ал ар бир берилген предмет башкалар м-н анын табигый байланышынын бузулушунун натыйжасында, өзүнүн болмушун
өзгөртөт. А-ге «талдоо» түшүнүгү туура келет.
Ш. К. Алиева.