Difference between revisions of "АНДРИАНОВ Кузьма"
м (1 версия) |
324-432>KadyrM |
(Айырма жок)
|
06:59, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы
Кузьма Андрианович [15 (28). 12.
1904, Твер губ., Кондраково айылы – 13. 3. 1978
Москва] – орус химиги, СССР И Анын академиги (1964; мүчө-корр. 1953). Соц. Эмг. Баатыры
(1969). Москвадагы энергетика ин-тунун проф.
(1946). Москва ун-тин бүткөндөн кийин (1930),
Бүткүл союздук электр тех. ин-тта (1929-54),
Бүткүл союздук авиац. материалдар ин-тунда
(1946-53), СССР ИАнын элементорг. бирикмелер ин-тунда (1954-жылдан) ж-а Москвадагы
кылдат хим. технология ин-тунда иштеген. Анын
негизги эмгеги кремний орг. бирикмелердин химиясына ж-а синтездөөгө арналган. Ал орг. эмес
чынжырлуу молекуласы бар жаңы полимерлерди, кремний тетрохлоридин синтездөөнүн өнөр
жайлык методун ж-а полиорг. металл силоксандарды (1947) синтездөөнүн негизги жолун
иштепчыккан. А. СССР Мамл. (1943,1946,1950,
1953) ж-а Ленин сыйл. (1962) лауреаты.
Эмг.: Высокомолекулярные кремнийорганнческне
соединения. М., 1949. Кремнийорганические соединения. М., 1955. Полимеры с неорганическими
главными цепями молекул. М., 1962.