Difference between revisions of "АНАРОВ Алля"
м (1 версия) |
324-432>KadyrM |
(Айырма жок)
|
06:59, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы
Алля [1907, Ош обл., Араван р-ну, Ачы
(Беш-Бадам) айылы – 1979, ошол эле жерде] – а. ч. өндүрүш новатору, эки жолу Соц. Эмг. Баатыры (1948,1951), Кыргыз ССРинин дыйканчылыкка эмг. сиң. устаты (1945). Коллективдештирүү учурунда алгачкылардан болуп колхозго кирген. 1936-51-ж. Ош обл-нун Араван р-нундагы «Коммунизм» колхозунун звено башчысы. Ал жетектеген звено пахта өстүрүү иштеринде алдынкы агротех. ыкмаларды колдонуп, 1948-49- жылдары 6 гектар жердеги, 1950-ж. 10 гектар жердеги пахтанын ар гектарынан мол түпгүм өстүрүп алууга жетишкен. 1951-62-ж. ошол эле
колхоздун талаачылык бри
гадасынын, 1962-67-ж. пахтачылык бригадасынын
бригадири. 1967-68-ж. жаңы уюшулган «Пахтачы»
совхозунун пахтачылык
бригадасын жетектеп, ал
совхоздун дың жерлерин өздөштүрүүнүн демилгечиси
болгон. 1958-62-ж. СССР
Жогорку Советинин, 1951-
59-ж. Кыргыз ССР Жогорку
Советинин депутаты. Беш Ленин ордени, Кызыл Жылдыз ордени м-н сыйланган.