Difference between revisions of "АНАНЬЕВ Константин Николаевич"
Jump to navigation
Jump to search
м (1 версия) |
324-432>KadyrM |
(Айырма жок)
|
06:59, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы
Константин Николаевич [14.7.1910-
ж. т., РФ, Симбирск (Ульяновск) ш. ] – байланыш системасынын новатору, Соц. Эмг. Баатыры (1956). А. 1933-жылдан Кырг-ндагы байланыш системасында иштеп, радиотехниктен Кыргыз <notkey>ССР</notkey> байланыш министринин орун басарына чейин көтөрүлгөн. Ал жетекчилик
кылган Кырг-ндагы байланыш кызматкерлеринин
тобу тоолуу жердеги радиореле магистралын кеңейтүүдө ж-а телекөрсөтүүнү
жакшыртууда кыйла эмг.
сиңирген. Топтун демилгеси м-н Советтер Союзунда 1-жолу телефон байланыштарын аба аркылуу жүргүзүү иши уюштурулган. Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу,
Кызыл Жылдыз, 2 «Ардак Белгиси» ордендери
ж-а медалдар м-н сыйланган.